Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Новости
10-Март 2023-ж.
1051

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 8-11-мартында Өзбекстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында 2023-жылдын 9-мартында Ташкент шаарында төмөнкү документтерге кол коюлду.


- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан дүң жана чекене соода үчүн Ташкент шаарында “Кыргызстанда жасалган” жана Бишкек шаарында “Өзбекстанда жасалган” соода борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү боюнча “Жол картасы”.


- Өзбекстан Республикасынын «Узавтосаноат» ААК, «ДТ Техник» ЖЧКсы жана Кыргыз Республикасынын «НУР» АК ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (СКД) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Бул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кол коюлган.


- Кыргыз Республикасынын «Бишкек машина куруу заводу» ААКсы менен Өзбекстан Республикасынын «CHIRCHIQ MASHAGRO» ЖЧК компаниялар тобуна кирген «MOYHAQ SELMASH» ЖЧКсы менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу.

Бул Макулдашуу Кыргызстандын жана ЕАЭБ рынокторунда кийинчерээк ишке киргизүү менен айыл чарба техникасы үчүн заманбап, инновациялык, атаандаштыкка жөндөмдүү жабдыктарды чыгарууну камтыйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу