Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода мамилелеринин ырааттуу өсүшү белгиленди

Новости
02-Август 2015-ж.
2089
""2015-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов менен Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушуусу болуп өттү.

Министр О. Панкратов Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода мамилелеринин ырааттуу өсүшүн жана Кыргызстандын тышкы экономикалык артыкчылыктуу милдети алдыңкы дүйнөлүк экономикалык жана технологиялык держава катары Япония менен өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат деп белгиледи.

Евразия экономикалык союзга Кыргызстандын кошулуусуна байланыштуу, министр О.Панкратов Кыргыз республикасынын аймагында бирдиктүү бизнести ачуудагы пайдалар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө потенциалдуу япониялык инвесторлор үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөдү.
Элчи Т.Коикэ ЕАЭСке Кыргызстандын кошулуусу менен рынокту кеңейтүү Япония менен Кыгызстандын ортосунда инвестициялык кызматташууну күчөтүүгө көмөк көрсөтөт деген ишенимди билдирди. Айыл чарба техникасынын япониялык өндүрүүчүлөрү «Айыл-Агро» 3-чү агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ишине катышышты жана Кыргызстанда бизнести ачууга кызыкдар деп маалымдады.

Тараптар Эл аралык кызматташуунун япониялык агенттигинин (JICA) колдоосунда дүйнөнү ар түрдүү өлкөлөрүндө илгерилетүүчү, ушул багыттагы айрыкча ийгиликтүү долбоорлордун бири катары КР Экономика министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышын белгилешти жана бул багытта ишти улантууну макулдашышты.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу