КР аймагына ташылып келүүчү запастык бөлүктөрдү сертификатташтыруу жол-жобосу жана тартиби түшүндүрүлдү

Новости
02-Август 2015-ж.
2117
2015-жылдын 28-июлунда Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусунун алкагында, «Дордой» жана «Кудайберген»базарларына дөңгөлөктүү тарнспорт каражаттары үчүн запастык каражаттарды жеткирүүчүлөр жана сатуучулар менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү запастык бөлүктөрдү сертификатташтыруу жол-жобосу жана тартиби түшүндүрүлгөн. Белгилеп кетчү нерсе, ББга КРдин кошулуусунан кийин«Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» ББ техникалык регламенти колдонулат, мында шайкештикти ырастоо декларациялоо же милдеттүү сертификатташтыруу түрүндө болот. Азыркы учурга чейин КРда автотранспорттук каражаттарга запастык бөлүктөр милдеттүү сертификатташтырууга тийиш эмес болчу.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу