Экономика министрлиги: Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ишеним кагазга кайрылуу болжолдонбойт

Новости
02-Август 2015-ж.
2052
Экономика министрлиги «Автомототранспорттук каражаттарды каттоону тартипке келтирүү жана төртүнчү топтогу мүлккө салыктын толук жыйналышын камсыздоо жөнүндө»КР Өкмөтүнүн токтом долбоору боюнча түшүндүрмө берүү максатында төмөнкүлөрдү маалымдайт:

КРӨ ушул токтом долбоору транспорт каражаттарын каттоону тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын иш жүзүндөгү ээсине каттоону камсыздоо жана коопсуздук, салык салуу жана статистика чөйрөсүндө натыйжалуу иш үчүн реалдуу маалыматтар базасын түзүү максатында иштелип чыкты.

Сатуу укугуна ишеним кагазды берүү боюнча бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан практика жокко чыгарыла элек, ишеним кагаз боюнча транспорттук каражатты сатууда, транспорттук каражаттардын ээлери катоо органдарында эсептен алуу же кайра каттоо жол-жобосунан өтүшпөйт. Бул жагдай транспорт каражаттарынын катталган обьеттери боюнча МКК иш жүзүндөгү маалыматтар базасын бурмалоонун себеби болуп саналат.

Мындан тышкары, ишеним кагазын пайдалануу себеби боюнча мүлктүн иш жүзүндөгү ээсин маалыматтар базасы боюнча аныктоо мүмкүн эмес, бул транспорт каражаттарына салыктарды башкарууда белгилүү кыйынчылыктарга алып келүүдө.

Буга байланыштуу, транспорт каражаттарына салыктарды жыйноону башкарууну жакшыртуу максатында ушул токтом долбоору менен тескөө жана кайра ишенүү (сатуу) укугуна ишеним кагазды милдеттүү каттоодон өткөрүүнү калыбына келтирүү сунушталууда.

Мында эске алчу нерсе, ишеним кагаздарын каттоо акысыз болот.

«Автомототранспорттук каражаттарды каттоону тартипке келтирүү жана төртүнчү топтогу мүлккө салыктын толук жыйналышын камсыздоо жөнүндө»КР Өкмөтүнүн токтом долбоору, буга чейин ЖМК билдирилгендей, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ишеним кагазды милдеттүү алуу жөнүндө талапты киргизүүнү караштырбайт.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу