Чүй облусунда «Талды-Булак Сол жээк» алтын кенин ишке киргизишти

Новости
02-Август 2015-ж.
2391
""2015-жылдын 29-июлунда «Алтынкен» ЖЧК «Талды-Булак Сол жээк» алтын кенин иштетип баштады. Ишке киргизүү аземи Премьер-министр Темир Сариевдин, экономика министри Олег Панкратовдун, өлкөнүн ж.б. расмий адамдарынын катышуусу менен болуп өттү.


«Бул кен союз маалында эле чалгындалган. 26 жыл бою көптөгөн инвесторлордун алмашышты. Австриялыктар, швейцариялыктар, малайзиялыктар жана казак инвесторлору да болгон. Бирок кытай инвесторлору гана ишти аягына чейин чыгарышты»- деп, билдирди Алмаз Алимбеков, «Кыргызалтын» ААК башчысы.

ТЭН ылайык, «Талды-Булак Сол жээк» алтын кенине инвестициялар 246 млн. АКШ долларын түзөт. Кен 19 жыл бою иштетилет. Кендеги алтындын жалпы запастары 65 тоннаны түзөт. Долбоору ишке ашыруунун аягына чейин 282 млн. долл суммасындагы пайданын келип түшүүсү пландалууда.

Учурдагы жылдын аягына чейин дээрлик 1 млн. тонна руданы казып алуу пландалууда. Бюджетке чегерүүлөр 1 млрд. сомду түзөт. Казык алуунун пигинде дээрлик 4 млн. тонна руданы иштетхх пландалууда. Алтынды казып алуу жыл сайын 2,5-3 тонна болот.

«Талды-Булак Сол жээк» алтын кени Чүй облусунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Талды-Булак суунун өрөөнүндө жайгашкан. Жакынкы калктуу конушка чейин 12 км, темир жолго чейин- 26 км.

«Алтынкен» ЖЧК кенди иштетүү лицензиясына ээ, ал пайдалуу казындыларды чалгындоо жана казып алууга жооптуу. Компаниянын үлүшүнүн 60% 2011-жылдын сентябрында «Цзыцзинь» тоо-кен казуу компаниясы өзүнүн туунду компаниясы «Суберб Пасифик Лимитед»аркылуу сатып алган. Калган 40% «Кыргызалтын» ААК таандык.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу