АӨБ менен биргеликте инвестициялык лиматты жакшыртуу программасын ишке ашыруу улантылууда

Новости
02-Август 2015-ж.
2124
КР Экономика министрлиги тарабынан «Инвестициялык климатты жакшыртуунун Экинчи Программасы жөнүндө» КР менен АӨБ ортосундагы Гранттык макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча КР ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү жөнүндө КР Юстиция министрлигинин юридикалык корутундусу Азия Өнүгүү Банкына (АӨБ) жөнөтүлгөн.

Бул гранттык макулдашуу Бишкек шаарында 2015-жылдын 17-июлунда кол коюлган ««Инвестициялык климатты жакшыртуунун Экинчи Программасы жөнүндө- Подпрограмма1» КР менен АӨБ ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга ылайык 2015-жылдын 14-июлунда ратификацияланган.

Азыркы учурда бюджеттик колдоону алуу үчүн бардык керектүү шарттар жана жол-жоболор аткарылды. Жакын арада гранттык негизде 20,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо алуу күтүлүүдө.

Маалымат катары: КР инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын максаты администрациялык тоскоолдуктарды азайтуу жана каржылоого жетүүнү жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу инфратүзүмдүн өнүгүүсүнө жеке сектордун катышуусун жогорулатуу жолу менен реформаларды өткөрүү болуп саналат.

Программа 3 подпрограммалардан турат. Программа министрликтердин жана ведомстволордун түздөн-түз катышуусунда АӨБ тарабынан иштелип чыгат.

Инвестициялык климатты жашыртуу программасы 2008-жылдан бери АӨБ менен бирге ишке ашырылууда. Инвестициялык климатты жакшыртуунун Биринчи Программасынын алкагында 3 подпрограмма ишке ашырылды, алардын жыйынтыгы боюнча КР жалпы суммасы 57,4 млн. АКШ доллар суммасындагы бюджеттик колдоо алды.

Ушул программанын алкагында 2014-2015-жж. КР Өкмөтү тарабынан АӨБ менен биргеликте бир катар экономикалык реформалар жүзөгө ашырылды, тактап айтканда реформалар төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылды: бизнести жүргүзүүдө ачыктыкты жана натыйжалуулукту жогорулатуу, инвестицияларды илгерилетүү жана соода көмөк көрсөтүү, финансыга жетүүнү жакшыртуу жана МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу