Эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө

Новости
15-Июль 2015-ж.
633
КР Экономика министрлиги бизнес коомчулуктардын кайрылууларына түшүрдүмө берүү максатында төмөнкүлөрдү маалымдайт:

«Товарларды эсептик-контролдук маркалар менен маркалоо жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору адилеттүү (атаандаштыкка жөндөмдүү) салыктык башкарууну, контрафакттык продукцияны издеп табуу жана продукцияны эсепке алуу автоматташтыруу, ошондой эле КР экономикасына чоң зыян келтирүүчү коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу үчүн иштелип чыкты.

Евразия экономикалык биримдикке кошулуу менен биз үчүн чоң керектөө рынок ачылат. Бирок, укук менен бирге, биз белгилүү милдеттерди аткарышыбыз керек болот. Мындай милдеттердин бири тышкы рыноктордо позициялоо үчүн ЕАЭБ товарларды маркалоону киргизүү боюнча КР катышуусу болуп саналат. Азыркы учурда Экономика министрлиги маркалоо системасын түзүүгө жана иштетүүгө катышат.

Мындан тышкары, айрыкча төмөн ставкалар боюнча бажылык каттоодон өткөн дары-дармек каражаттары Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн аймагына мындан ара реэкспорттобоо үчүн Кыргыз Республикасы алынган алып салууларга байланыштуу, дарыларды маркалоо боюнча милдетти өзүнө алды Албетте, бул кадамдарга КР бизнести жүргүзүү жана жаңы инвестицияларды тартуу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү максатында гана кошулду.

«Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркалоо жөнүндө» КР 2006-жылдын 24-ноябрындагы мыйзамы иштеген жок (аны ишке ашыруу боюнча механизм КР Өкмөтү тарабынан кабыл алынган эмес) жана КР 2011-жылдын 11-мартындагы мыйзамы менен күчүн жоготту

Маркалоо- бул көмүскө экономика менен күрөшүүнүн натыйжалуу инструменттерин издөөгө байланыштуу аргасыз жана кыска мөөнөттү чара.

Ал эми, көмүскө экономика- ишкердик субъекттеринин мамлекеттик эсепке алуудан жана контролдон тышкары өнүгүүчү иши. Бул мамлекет тарабынан контролго алынбаган жана товардык- материалдык баалуулуктардын, акчалардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттен жашыруун өндүрүшү, бөлүштүрүлүшү, алмашуусу жана керектөөсү. Буга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
-керектөө товарларын сатуу чөйрөсүндө накталай эсептешүүлөрдүн басымдуулугу;
-соода иши чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттик бююджеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын чектөө;
- жумуштарын жана кызмат көрсөтүү, керектөө товарларын сатуу чөйрөсүндө негизги ресурс катары жеке- үй-бүлөлүк, кландык, региондук-этникалык (жердештик) жана жеке ишеним факторуна негизделген башка мамилелерди колдонуучу экономикалык түзүмдөрдүн басымдуулугу;
- расмий экономикага көмүскөдөгү экономиканын көлөмдөрүн трансформациялоону татаалдантуучу , калктын көпчүлүк бөлүгүнүн көмүскөдөгү экономикага катышуусу
-мамлекеттик башкаруу бюрократизациялоо жана мамлекеттик түзүмдөрдү патронаждоо;

Бул татаал экономикалык көрүнүш, аны жеңип чыгуу бизнес менен бирдиктүү аракеттерди көрүү, көмүскөдөгү эмес мыйзамдуу бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган катуу чараларды көрүү аркылуу мүмкүн.

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 17-жыйынында билдирилгендей, Кыгызстанда көмүскө экономиканын көлөмү, ар түрдүү эсептөөлөр боюнча ИДП 40-60% түзөт. Бул ири потенциал, аны пайдалануу керек.

Эл аралык финансылык институттардын баалоолору боюнча өнүккөн өлкөлөрдө көмүскөдөгү экономиканын көлөмү чоң эмес- болжол менен ИДП 9-10 %. Буга байланыштуу, Мыйзам долбоору товарлардын айрым түрлөрүн маркалоону киргизүү жолу менен көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн кыскартууга жана өлкөнү туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө мүмкүндүк түзүүчү керектүү чара катары 2015-2017-жылдарга көмүскөдөгү экономиканы кыскартуу боюнча КР Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын программасына киргизилген.


Белгилеп кетчү нерсе, маркалоого тийиштүү товарлар атаандаштыкка таасирин тийгизүү даражасын эске алуу менен тандап алынат. Улуттук банктын маалыматы боюнча- Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү өлкөлөрдөн «накталай» өлкөлөрүнүн категориясына кирет, мында акча каражаттарынын жалпы жүгүртүүсүндө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн ортосундагы катыш төмөнкүдөй: 5%га карата 95%, бул экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тийиштүү көрсөткүчтөрүнөн жыйырма эсеге жогору

Акча жүгүртүүсүндө накталай акчанын мындай басымдуулугу- акча каражаттарынын жүгүртүүсүн токтотууда жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүн басаңдатууда.
Онлайн кайрылуу