Башкортостан Республикасынын компаниялары кыргыз продукциясынын импортуна кызыгышууда.

Новости
15-Июль 2015-ж.
2128
КР Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндө бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы, Москва шаарында жана РФ субъекттеринде Ишкананын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте ата-мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул ишканага экспортту илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө, соодалык маалымдоого көмөк көрсөтүү боюнча функция ыйгарылган.

Учурда Башкортостан Республикасынан кыргыз продукциясынын импортуна кызыкдар болгон компаниялардан сурамдар бар.

Тамак-аш линейкасынын тизмеги төмөнкүдөй: картошка, сабиз, пияз, кызылчы, капуста, алма, алмурут, помидор, данектүү кургатылган жемиштер.

Ишкана продукцияны Башкортостан Республикасына, Салават шаарына экспорттоону каалаган бардык өндүрүүчүлөргө, ишкерлерге кайрылууда жана кенениреек мпмалымат алуу үчүн Экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылууну суранат: +996 (312) 90 26 40, Бишкек ш., Чүй пр., 122 (4-кабат) export@trade.kg.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу