КАБ сот-эксперттик иши

Новости
13-Июль 2015-ж.
2042
2015-жылдын 9-июлунда КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Аккредитациялоо борборунун (КАБ) адистеринин катышуусу менен «Кыргыз Республикасында кылмыш-жаза сот адилеттигин жана пенитенциардык системаны реформалоону колдоо» Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын Программасынын Координациялык комитетинин жыйыны өткөрүлдү.

Бул жыйынга Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, Юстиция министрлигине караштуу сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун (СЭМБ), КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, КР Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын, Акыйкатчы институтунун, билим берүү мекемелеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Жыйында 2015-жылдын февраль-июнь мезгилинде БУУ БПБ программаны ишке ашыруу жөнүндө багыттар боюнча отчёттор талкууланды.

КАБ иши «Сот- эксперттик иш» багытына байланыштуу жана сот-эксперттик уюмдарды аккредитациялоо боюнча жол-жоболорду даярдоо, ILAC G-19 - сот- эксперттик иштин модулдары эл аралык нускаманы которуу, КР сот-эксперттик ишти өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу үчүн консультацияларды өткөрүү, СЭМБ лабораторияларын эл аралык аккредитациялоого даярдоо планын иштеп чыгуу жана СЭМБ жаңы имаратын реконструкциялоо боюнча эл аралык тендер боюнча маалымат берилген.

«Сот-эксперттик иш» багыты боюнча КАБ адистери тарабынан ИСО/МЭК 17020 и ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандарттарында белгиленген аккредитациялоонун критерийлери боюнча СЭМБ адистерине окутуу жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө рекомендация берилген, анда сыноо лабораторияларынын техникалык компетенттүүлүгүнө карата талаптар берилген.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу