ЭВФ үч жылдык экономикалык программасы

Новости
09-Июль 2015-ж.
2022
""2015-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовдун Э. Жэмаелдин жетекчилиги алдында Эл аралык валюта фондунун миссиясы жана миссиянын мүчөлөрү Д. Остожич, К. Жикель, В. Салинс, Э. Шамбетова менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда КР социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана кеңейтилген кредиттик механизм боюнча үч жылдык келишимдиктин алкагында реформаларды аткаруу маселелери талкууланды.

Министр 2015-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, өнүгүүнүн оң динамикасын кармап туруу жана макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо үчүн КР Өкмөтү тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө сөз кылды. Салыктык башкарууну чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш, түзүлгөн Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун ишинин институционалдык, корпоративдик жана финансылык негизги принциптери жөнүндө айтып берди.

ЭВФ миссиясынын башчысы Кыргызстанда жүргүзүлөп жаткан реформалардын оң жыйынтыктарын жана 2015-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн экономикалык өсүү тенденциясын белгилеп кетти. Салыктык- бюджеттик саясатты жүргүзүү маселелеринде потенциалды жогорулатууда техникалык жардамды көрсөтүү үчүн кыргыз тарабынын сунуштарын талкуулоого даярдыгын билдирди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу