Ветеринардык-санитардык, санитардык-карантиндик жана карантиндик-фитосанитардык контролдун системасын баалоо

Новости
09-Июль 2015-ж.
1997
""2015-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовдун КР контролдун ветеринардык-санитардык, санитардык-карантиндик жана карантиндик-фитосанитардык түрлөрүнүн системасын ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүүнү талкуулоо боюнча Евразия Экономикалык комиссиянын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Валерий Корешков менен жолушуусу болуп өттү.

ЕЭКтин дана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин делегациясы бул максаттарда Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык лабораторияларга, ошондой эле Иркештам, Торугарт, Достук, Кара-Суу жана Манас жана Ош а/п барат. (2015-жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин).

Жогорку Евразия Экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы Чечимине ылайык мамлекттик чек аранын кыргыз-казак участогунда санитардык-карантиндик, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык контроль Ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык контролдун системасын баалоо жыйынтыктарын жактыруу тууралуу ЕЭК Кеңешинин чечими күчүнө кирген күндөн тартып жокко чыгарылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу