Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын жыйынтыгында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш-чаралар планы кабыл алынды

Новости
26-Декабрь 2022-ж.
2555

Бишкекте Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары - Кеңеш) кезектеги жыйыны болуп, анда 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы каралды.

Кеңешмеге КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын теңтөрайымы Гүлнара Ускенбаева, Кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, 13 министрликтин өкүлдөрү жана республиканын ведомстволору, эл аралык уюмдар - өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, бизнес-коомчулук, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Министрдин орун басары И.Асылкулов өз сөзүндө бүгүн дүйнөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын кесепеттеринен улам абал жөнөкөй эмес экенин белгиледи. Ошол эле учурда, дүйнөдөгү жалпы саясий жана экономикалык кырдаал да начарлады, бирок ошого карабастан, Кыргыз Республикасында сооданы жеңилдетүү боюнча иштер, анын ичинде урматтуу өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн колдоосу менен улантылууда. Ошондой эле, министрдин орун басары мамлекеттик органдардын жетекчилерин Планда жана Жол картасында белгиленген механизмдерди уюштурууга жана чечүүгө мүмкүн болушунча салым кошууга чакырып, жеке сектордун өкүлдөрүн дагы активдүү болууга чакырды, анткени алардын сунуштарынын негизинде бүтүндөй өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизген бардык чөйрөлөрдө процедураларды жөнөкөйлөтүү боюнча милдеттер коюлган.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө 2022-жылга Катчылыктын, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча компетенция борборунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аткарган иштери тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле Кеңештин отурумунда Борбордук Азиянын транспорттук жана логистикалык өнөктөштүгүнүн төрайымы Лариса Кислякованын Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу тез бузулуучу товарларды экспорттоо үчүн сарпталган убакыт жана документтердин мониторинги боюнча Экспресс-изилдөөнүн отчету(ЭИО) тартууланды.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш планы кабыл алынды.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы Мыйзамына ылайык, 2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган ДСУну түзүү боюнча Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол ратификацияланды.

Бул Протокол ДСУга мүчө мамлекеттердин Сооданы жеңилдетүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруусун карайт, аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы Жарлыгы менен Кеңеш түзүлүп, анын жаңыланган курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 2-сентябрындагы Жарлыгы менен бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу