Экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Польша Бизнес- форуму

Новости
13-Июль 2015-ж.
2115
""2015-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде КР экономика министри Олег Панкратовдун, Польша Республикасынын экономика министринин орун басары, Анджей Дыханын жетекчилиги алдында польша тарабынын делегациясынын жана КР бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Польша Бизнес-форуму болуп өттү.

Учурашуу сөзүндө министр Олег Панкратов ушул Бизнес-форумдун маанилүүлүгүн жогору баалап кетти, ушул форумдун алкагында жетишилген ийгиликтер узак мөөнөттү өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдайт жана камсыз кылат деген ишенимин билдирди.

О.Панкратов маалымдап кеткендей, 2014-жылы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Польшанын үлүшү 0,52%, ЕС өлкөлөрү менен товар жүгүртүүдө- 5,8% түздү. 2014-жылы КРдин ПР менен товар жүгүртүүсү 4% жогорулады, анын ичинде экспорт- 2,1 эсеге жогорулады, импорт- 2% кыскарды. КРдин экономикасына ПРден түз инвестициялар боюнча 2013-жылы Польшадан түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) келип түшүүсү болжол менен 171,3 миң АКШ долларын түзгөн жана 2012-жылга салыштырмалуу 537,3 миң АКШ долларына кыскарган.

Польшадан ТЧИ жалпы динамикасын талдоо бир калыптагы эмес мүнөздү, түз инвестициялардын агымынын азайышын көрсөтүүдө. 2014-жылы Польшадан инвестициялар КРге келип түшкөн эмес. «Албетте, Польша Республикасы менен эки тараптуу кызматташууда бүгүнкү күндө бар болгон потенциалды кеңейтүү керек. Бул үчүн бардык керектүү мүмкүнчүлүктөр бар, бар болгон экономикалык потенциалды эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн пайда менен пайдалануу керек»- деп, билдирди КР экономика министри, Олег Панкратов.

Өз кезегинде, ПР экономика министринин орун басары А.Дыха белгилеп кеткендей, өз ара экономикалык мамилелерди тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү Польша тарабынан жардам алкагында кредитти берүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну натыйжалуу колдонууда көрөт.

Форумдун жыйынтыгы боюнча КР Соода-өнөр жай палатасы менен Польша Чарба Палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу