Бишкекте “Бир айыл – бир продукт 2022” долбоорунун алкагында Улуттук бренддин катышуучулары сыйланды

Новости
16-Декабрь 2022-ж.
3490

2022-жылдын 16-декабрында үч жылдан бери биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте “Бир айыл – бир продукт 2022 улуттук бренд конкурсу” өткөрүлдү ( БАБП).

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гоуда Хидеки, JICAнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү М. Кавамото Хироюки жана иш-чаранын башка катышуучулары куттуктоо сөзүн айтышты.

Сынактын башталышынын алдында министр Д.Амангелдиев чогулгандарга «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, «Бир айыл – бир продукт» долбоору 2007-жылдан бери Ысык-Көл облусунда КР Экономика жана коммерция министрлиги жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан ишке ашырылып келет.

Долбоордун максаты - жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтуу.

Долбоордук ыкманын уникалдуулугу төмөнкүдөй жол-жоболордун комплексинде жатат: максаттуу продукцияны идентификациялоо, аны андан ары калдыксыз жана жалаң гана жергиликтүү ресурстардын эсебинен өндүрүү, таңгактоо жана этикетканын дизайнын кылдаттык менен иштеп чыгуу, сапатты катуу көзөмөлдөө, ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк рынокторго жылдыруу.

Мындай мамиленин аркасында облуста 18ге жакын цех ачылып, иш менен камсыз кылууга же башкача айтканда 3000 (үч миң) ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2017-2022-жылдар аралыгында Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка Европа өлкөлөрү сыяктуу ички жана тышкы рыноктордо ийгиликтүү сатылып жаткан 280 продукция иштелип чыккан.

Долбоордун аркасында акыркы 6 жылда жергиликтүү өндүрүшчүлөр тарабынан жалпы суммасы 238 миллион сомго жакын 167 экспорттук келишим түзүлгөн.

Долбоордун Кыргызстандагы жемиштүү тажрыйбасы JICAга окшош долбоорлорду Казакстанда жана Өзбекстанда ишке ашырууга түрттү, ал эми өлкөнүн Президенти Министрлер Кабинетине Ысык-Көл облусунун моделин бүткүл өлкөгө жайылтууну же башкача айтканда масштабын жайылтууну тапшырды.

Ошентип, бүгүнкү күндө долбоорго Кыргызстандын 6 облусунан аймактык өндүрүүчүлөр катышууда.

Тилекке каршы, Чүй облусунун пассивдүү ролун, тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетишсиз ишин белгилей кетүү керек. Мындай жоопкерсиз мамиле Чуй бизнесине зыян гана келтирип, сатуунун географиясын кенейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберет.

Министр ошондой эле бүгүнкү күндө министрлик тарабынан «Бир айыл – бир продукт» улуттук долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору иштелип жатканын билдирди. Атайын жеңилдетилген финансылык линия да ачылат. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүнөт, ошондой эле жергиликтүү каражаттар да кошулат. Келерки жылдан тарта министрлик «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун Ысык-Көл моделин колдонуу менен ата мекендик өндүрүш товарларын жергиликтүү жана тышкы рынокко жылдыруу үчүн долбоордун толук циклин ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Бул долбоор мамлекет тарабынан бирге каржыланат, - деп баса белгиледи министр.

Андан соң Бренддик комитеттердин ишмердүүлүгү көрсөтүлүп, анда ар бир облус өз продукциясын тартуулап, сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу