«Мамлекеттик тил жөнүндө» КР Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу

Новости
09-Июль 2015-ж.
2146
Экономика министрлиги кабарлагындай, «Мамлекеттик тил жөнүндө» КР Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдерде берилет.

Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесине ылайык товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.

Бирок, азыркы учурда өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр тарабынан мыйзамдардын белгиленген беренелеринин талаптары аткарылбай жатат жана этикеткаларда, техникалык паспорттордо жана товарларды колдонуу боюнча нускамаларда мамлекеттик тилдеги маалымат жок.

Ушул көйгөйгө байланыштуу «Мамлекеттик тил жөнүндө» КР Мыйзамынын 29-беренесинин сакталышын контролдоо төмөнкүдөй контролдоочу органдарга жүктөлсүн:
-КРӨгө караштуу Монополияга карашы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;
-КРӨгө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;
-КР Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекцияга;
-КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине;
-КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды профилактикалоо жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

Жана КРӨнүн 2013-жылдын 17-майындагы №271, 2013-жылдын 7-майындагы №256, 2010-жылдын 5-февралындагы №79, 1997-жылдын 26-сентябрындагы №556, 2013-жылдын 10-июнундагы №319 токтомдору менен бекитилген, жогоруда белгиленген ведомстволордун жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу