Мал союучу цехтерди инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ

Новости
08-Июль 2015-ж.
1974
""2015-жылдын 6-7-июлунда Токмок, Кант шаарларында жана Чүй облусунун Биринчи май, Ивановка, Лебединовка, Ленинское, Пригородное, Аламедин айылдарында Ведомстволор аралык жумушчу топ (ВЖТ) тарабынан малдарды союу процесси жүзөг ашырылган, мал союучу цехтердин жана аянтчалардын абалы боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптары түшүндүрүлдү


ВЖТ малды союу процесси, калдыктарды сактоо жана жо кылуу, халал-продукцияны өндүрүү, чыгаруу. кайра иштетүү жана сактоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, бар болгон цехтерге жана эт комбинаттарына инвентаризация жүргүзүлдү, алардын ветеринардык- санитардык талаптарга шайкештиги, мал союучу цехтин реестри жана чарбакер обьекттин таандыгы (мамлекеттик, муниципалдык, жеке) аныкталды.

Мал союучу цехтерди, пункттарды жана аянтчаларды инвентаризациялоо жана ишти тартипке келтирүү, ошондой эле алардын ветеринардык, санитардык жана экологиялык талаптарга шайкештиги боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ КР Экономика министрлиги тарабынан КРӨгө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу республиканын аймагында бирдиктүү милдеттүү талаптар белгиленүүдө.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу