Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы

Новости
07-Июль 2015-ж.
2055
""2015-жылдын 7-июлунда «Кабар» МА пресс-конференцияда КР Экономика министри, РКӨФ Кеңешинин төрагасынын орун басары О.Панкратов, КР Финансы министри, Кеңештин мүчөсү А.Касымалиев, ошондой эле Башкармалыктын төрайымы Нурсулу Ахметова, Фонддун Башкармалыгынын мүчөсү Б.Курманбеков Москва шаарында өткөн Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

КР Экономика министри Олег Панкратов билдиргендей- «Кеңеш Фонддун Башкармалыгынын- КР мамлекеттик жана коммерциялык банктары аркылуу чакан жана орто бизнести максаттуу каржылоо программасын ишкер ашырууну баштоо ниетин колдоого алды.».


«Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Россия тарабынан үч траншта 250 млн. АКШ доллары бөлүп берилди. Акча каражаттарын КР аймагында жайгаштыруу боюнча кабыл алынган чечим өлкөнүн банктык жана финансылык системасын, демек, жалпысынан экономиканы да өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет», - КР Финансы министри Адылбек Касымалиев.

РКӨФ Башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков кошумчалагандай, кредиттөөгө 50гө жакын билдирүү келип түштү. Алардын жарымынан көбү айыл чарбасына таандык.
«Тилекке каршы, билдирүүлөр жалпы маалыматты жана идеяны камтышат, тыкат толуктап иштеп чыгуу талап кылынат. Биз биринчи бизнести сентярбрь айларында каржылайбыз деп ишенебиз», -деп белгилеп кетти.

Фонд КР менен РФ ортосунда экномикалык кызматташууга көмөк көрсөтүү, КР экономиксын модернизациялоо жана өнүктүрүү, Тараптардын евразия экономикалык интеграцияга катышуусу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу максатында уюшулган.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу