Борбордук Азиянын экономика үчүн атайын программанын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуу

Новости
06-Июль 2015-ж.
2167
""2015-жылдын 30-июнунан тартып 3-июлуна чейин ДСУнун Женева ш. штаб-квартирасында, Швейцарияда БУУнун Евразиялык Экономикалык Комиссияга караштуу Борбордук Азия (БА) экономикалары үчүн атайын программадагы регионалдык жумушчу топтун эгидасы алдында (СПЕКА) Борбордук Азияда соода жаатында регионалдык кызматташуу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү.

Бул иш-чарада Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Экономика министрлигинин, Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу жана БА регионалдык кызматташуу боюнча презентация кылды.

Жолугушууга СПЕКА өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ЦМТ, ЮНКТАД, ЮНИДО, ЭКӨУ эл аралык жана донордук уюмдары жана региондо соода багыты боюнча иштеген башка уюмдар катышышты.

Консультациялардын жыйынтыгынын негизинде БА соода жаатында регионалдык кызматташууну өнүктүрүү үчүн аракеттер боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо пландалууда. Ошондой эле СПЕКА регионалдык жумушчу тобун уюштурууну жана ишин жакшыртуу боюнча рекомендациялар иштелип чыгат.

СПЕКА 1998-жылы БУУ ЕЭК жана Азия жана Тынч океан үчүн БУУ Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) колдоосу менен уюшулган. Алгач СПЕКА Казакстанды, Кыргызстанды, Таджикстанды и Өзбекстанды бириктирген, андан кийин бул программага Түркмөнстан, Азербайжан жана Афганистан кошулган. СПЕКА программасы деңизге чыгуу жолдору жок, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечет жана транспорт; суу жана энергетика; соода; гендер жана экономика; экномиканы өнүкүтүү боюнча алты долбоордук жумушчу топторго ээ.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу