КР Өкмөтү менен ГФР Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлду

Новости
03-Июль 2015-ж.
2125
""2015-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул протоколго Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов, ГФР Өкмөтүнүн атынан- Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү федералдык министрлигинин (BMZ) « Кытай, Борбордук Азия, Чыгыш Азия, Лаос жана Камбоджа» бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, доктор Марион Эдель кол коюшту.

Тараптар 2015-2016-жылдарга артыкчылыктуу долбоорлорду сүйлөшүштү жана өнүгүү үчүн кызматташуудагы ийгиликтерге оң баа беришти, ошондой эле «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү» жана «Саламаттык сактоо» эки негизги багыттар боюнча кызматташууну улантуу жөнүндө өзүнүн кызыкдарлыгын ырасташты.

ГФР КР менен кызматташуу боюнча жашыл экономиканын маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле техникалык жана финансылык кызматташуунун багыттары 2013 -2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына тыгыз байланышта, ал эми долбоорлор өзүнүн жыйынтыктуулугу жана толуктугу менен айырмаланат.

ГФР Өкмөтү КР Өкмөтүнө эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташуунун алкагында 2015-2016-ж.ж. 37,95 млн. евро өлчөмүндөгү жаңы сумманы берүү милдетин алды. Бул суммадан 21,95 млн. евро финансылык кызматташуу долбоорлоруна, ал эми 16 млн. евро- техникалык кызматташуунун долбоорлоруна берилет.

Туруктуу экономикалык өнүгүү аркылуу бюджеттик тартыштык кыскартылышы, калктын жашоо деңгээли жогорулатылышы жана коомдогу социалдык чыңалуу төмөндөтүлүшү керек.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу