Кыргыз Республикасында жөнгө салуучу реформанын экинчи этабы ишке киргизилди

Новости
01-Июль 2015-ж.
1968
""«Кабар» МА, Бишкек, Кыргызстан (2015-жылдын 2-июлу)- «Кабар» МА пресс-конференцияда КР Экономика министри Олег Панкратов, Элчи, Бишкектеги ОБСЕ Борборунун башчысы Сергей Капинос, Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов жөнгө салуучу реформанын экинчи этабын ишке киргизүү жөнүндө сүйлөштү.

Жөнгө салуучу реформа- ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо. Өкмөт жана Бишкек шаарындагы ОБСЕ Борбору ушул реформаны демилгелешти, ал администрациялык тоскоолдуктарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн атаандаштыкка мүмкүндүүлүгүнүн деңгээлин жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Министр Олег Панкратов түшүндүрүп кеткендей- жөнгө салуучу реформанын экинчи этабында бардык боло турган иш автоматташтырылган. Талдоо «е-Гильотина» электрондук базасын колдонуу менен жүргүзүлөт. 1-этаптагыдай эле, талдоого мамлекеттик органдар да, бизнес да катышышат. Талдоо ченемдик укуктук актыларга гана эмес, алардын тиркемелерине да жүргүзүлөт. Натыйжада 3 миңден ашуун документтерге талдоо жүргүзүлөт. Бул үчүн мамлекеттик органдар жана жеке сектор атайын окутуудан өтүшөт, аларга Кеңештин жумушчу органы- Жөнгө салуучу реформа боюнча бөлүм тарабынан консультациялык колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, администрациялык жол-жоболорго байланыштуу мамлекеттин жана бизнестин чыгымдарына талдоо жүргүзүү керек. Бизнес бул жол-жоболорду оптималдаштыруунун зарылчылыгы жөнүндө бир нече жолу билдирген. Анткени дал ушул жерде чиновниктер үчүн ар түрдүү амалдар пайда болууда, ар түрдүү коррупциялык схемалар түзүлүүдө. Аларды тезинен кайра карап чыгуу жана жеке сектор үчүн айрыкча ачык жана түшүнүктүү жол-жоболорду камсыз кылуучу рекомендацияларды киргизүү керек. Эксперттер тарабынан бизнеске таасирин тийгизген дээрлик 2 миңге жакын администрациялык тоскоолдуктар табылган. Алгачкы этапта 263 артыкчылыктуу жол-жоболор талданат, андан кийин аларды жөнөкөйлөтүү боюнча рекомендациялар даярдалат.

Ошондой эле, министр Олег Панкратов белгилегендей, жыйынтык үчүн тараптардын ар бири жоопкерчилик тартаарын бизнес түшүнүшү керек. Бирок жөн эле арыздар эмес, конструктивдүү сунуштар, практикалык тажрыйбадан фактылар керек. Өнөктөштүктө канчалык иш көп болсо, ошончолук реформа алга жылат жана анын жыйынтыктары тараптардын бардыгы үчүн пайдалуу болот. «Жөнгө салуучу реформаны жүргүзүү менен, биз конкреттүү максатты коюп жатабыз- түшүнүктүү, так жана иштей турган мыйзам базасын түзүү аркылуу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жетишебиз. Мунун бардыгы өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул ишти оң инвестициялык климатты жана ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырууга болот»-деп, билдирди Экономика министрлигинин башчысы.

«ОБСЕ Борбору реформаларды жөнгө салуу жаатында мамлекетти ар тараптан колдоону улантат. Ишкер коопчулук бул демилгеге активдүү катышууда. Бизнес коомчулук мыйзамдардагы кемчиликтер менен тааныш жана өзүнүн баасы ээ. Биргелешкен аракеттер менен биз олуттуу жыйынтыктарга жетишебиз деп ишенем.»- деп, билдирди Элчи, Бишкек шаарында ОБСЕ Борборунун башчысы Сергей Капинос.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу