Түштүк Кореядан келген өкүлдөр тобу Кыргызстанда Технологиялар көргөзмөсүн жана ишкерлер үчүн бизнес-форумду биргелешип уюштурууга кызыктар.

Новости
17-Декабрь 2014-ж.
2223
Бул жөнүндө үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Кыргыз Републикасынын Экономика министрлигинде министр Темир Сариевдин жана Ким Миненгсун мырза башында турган Түштүк Кореянын өкүлдөр тобунун болуп өткөн жумушчу жолугушуусунда белгиленди.

Ошону менен бирге Түштүк Кореянын Илимдер жана маалыматтык компьютердик технологиялар министрлигинин өкүлү, министрликтин Борбордук Азияда көргөзмөлөрдү өткөрүү тажрыйбасы бар экенин айтып өттү.

Корей тарап Кыргыз Республикасына көргөзмөнү өткөрүүгө кызыгып жатышат, ал жерде жергиликтүү ишкерлерди тааныштыруу үчүн маалыматтык-компьютердик технологиялар чөйрөсүндө жаңы жаратуулар көргөзүлөт.

Анын сөзү боюнча күнөскана (теплица) чарбасынын өнүгүшү менен чарбачылар күнөсканадагы өсүмдүктөрдүн өсүшү жана нымдуулугу жөнүндө маалыматты смарт-ридер аркылуу биле алышат. Бул Түштүк Кореянын технологиясы Женева фестивалында гран-прини алган.

Корея тараптын дагы бир сунушу болуп Кыргыз Республикасынын бүткүл территориясында wi–fi тутумун коюу саналды, буга байланыштуу корея тараптан колдонууга үнөмдүү жана ыңгайлуу болгон wi–fi тутумун коюуга технологиялар берилет.

Министр Т.Сариевдин сөзү боюнча 2015-жылдын февраль-март айларына пландаштырылган көргөзмө бизнес-форумдун ийгилиги болуп, эки мамлекеттин бизнесмендеринин ортосунда 10 келишимге кол коюу саналат.

Мындан тышкары Түштүк Кореянын компанияларынын бири КР лифттерди жана моторлорду өндүрүү боюнча долбоор сунуш кылды. Ушуга байланыштуу КР Экономика министри корея тарапка Бишкек шаарынын мэриясы жана КР соода-өндүрүш палатасы менен макулдашып көргөзмө борборун куруу мүмкүндүгүн да карап көрүүнү сунуштады. Ошону менен бирге министрлик жогоруда айтылган долбоорлорду ишке киргизүүгө жана бизнес – форумду өткөрүүгө жардам кылууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агенттигине (ИИА) күнөскана чарбасында смарт-риделерди киргизүү, лифттерди өндүрүүнү жөндөө жана өнөктөштөрдү табуу жана жүк ташуучу машинелерди чогултуу мүмкүнчүлүктөрү, текстиль өнөр жай товарларын өндүрүү жана туризмди өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого корея тарап менен жолугушууларды өткөрүү иштери тапшырылды.

"" """"""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу