Экономика министрлигинде “Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдөгү Бажы биримдигинин жаңы талаптарынын шарттары жана аларды аткаруудагы биринчи кезектеги маселелер жөнүндө” тегерек стол өткөрүлөт.

Новости
17-Февраль 2015-ж.
2178
2015- жылдын 18-февралында саат 14-00 министрликтин чоң залында Бажы биримдигинин жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын мүчө мамлекеттеринин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу серепчилердин катышуусу менен Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдөгү Бажы биримдигинин жаңы талаптарынын шарттары жана аларды аткаруудагы биринчи кезектеги маселелер жөнүндө” аттуу темада тегерек стол болуп өтөт.

Бул тегерек столго мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын, тамак-аш өндүрүүчү иш каналардын, сыноо лабораториялардын жетекчилери жана өкүлдөрү чакырылды.

Тегерек столдо төмөндөгү маселелер каралат:

- санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдөгү Бажы биримдигинин талаптары жөнүндө;

- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын сыноо лабораторияларына аларды ББ талаптарына ылайык келтирүү максатында модернизациялоо;

- санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү товарларга ББ техникалык регламенттеринде жана Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарда белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга продукциялардын шайкештигин баалоо (ырастоо) максаты үчүн колдонулуучу методдорун (методикаларды) киргизүү;

- ветеринардык көзөмөлдөөнү уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын аймагын чөлкөмдөргө бөлүү, Кыргыз Республикасында эпизоотиялык мониторинг системасын киргизүү жана Евразиялык экономикалык комиссияга жаныбарлардын коркунучтуу жана карантиндик ооруларынын тизмесинин жыйындысын берүү.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулушу боюнча санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар бөлүгүндө Иш-чаралар планын ("Жол картасынын") ишке ашыруу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин, айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын отчеттору каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу