Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы

Новости
18-Октябрь 2022-ж.
2180

2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинен министрдин орун басары Вероника Исаева катышты.

Комиссиянын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде 36 маселе каралды.

Комиссиянын Кеңеши ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы буйругуна «Жарандык авиация өнөр жайы» жаңы технологиялык платформасын кошуу жана ишке киргизүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алды.

Комиссиянын Кеңеши ЕАЭБдин продукцияга милдеттүү талаптарын оптималдаштырууга багытталган иш-чаралардын тизмесин бекитти, анын ичинде алардын талаптарга шайкештигин милдеттүү түрдө баалоо белгиленген.

Кеңештин мүчөлөрү 2022-2023-жылдарга айыл чарба жана өнөр жай продукциялары боюнча суроо-талап менен сунуштун биргелешкен индикативдик балансына өзгөртүүлөрдү бекитти.

Кеңеш ЕАК белгисин жана керектөөчүлөр үчүн продукцияга курамы, жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчү жөнүндө маалымат ж.б. продукцияны импорттоодон кийин - бажы жол-жоболору боюнча чечим кабыл алды. Мында товар керектөөчүгө (сатып алуучуга) сатылганга чейин маркалоо колдонулушу керек. Бул маркалоону жөнөкөйлөтүү 2023-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Комиссиянын Кеңеши тарабынан тез бузулуучу товарларга таандык болгон товарлардын категорияларынын тизмеси бекитилди, аларга карата бажы операциялары артыкчылыктуу тартипте жүзөгө ашырылат.

Кеңештин мүчөлөрү 2022-жылдын 20-21-октябрында Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибин бекитти.

Кеңештин кийинки жыйыны 2022-жылдын 18-ноябрында Москва шаарында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу