КР ББга кирсе анын территроиясында Бажы биримдигинин техникалык регламенти колдонулат.

Новости
08-Декабрь 2014-ж.
2096
Кыргыз Республикасы Бажы Биримдигине кирсе анын территориясында ББ техникалык регламенти колдонулат. Азыркы убакта техникалык регламенттердин күчүнө кирээрге чейинки өтүү мөөнөтүнүн убагы аныкталган, ал убакыттын өтүшүнө карата ББ техникалык регламентине өтүү иши, республикабызда ишке киргизилип баштайт, ал эми улуттук техникалык регламенттер жоюлат.

2014-жылдын 1-декабрына карата ББ алкагында 5 техникалык регламент кабыл алынды.

ББ техникалык регламенттери үчүн стандарттардын тизмеси КМШ мамлекеттеринин (ГОСТ) мамлекет аралык стандарттарын камтыйт, алардын көбүнчөсү эл аралык жана регионалдык стандарттар менен шайкеш келтирилген, ошону менен ББ мамлекеттеринин улуттук стандарттары да шайкеш (Россия, Беларусия жана Казакстан).

Азыркы убакта Кыргызстандарттын (КР Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондунда 80% стандарт бар, алар ББ техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыз кылат. Фондду жетишпеген стандарттар менен жабдуу жакынкы айларда бүтөт.

ББ техникалык регламенттери жана аларга тиркелген стандарттардын тизмеси боюнча маалыматты Кыргызстандарттын www.nism.gov.kg. сайтында жайгаштырылган.

Стандарттарды Кыргызстандарттын Улуттук фондунан төмөндөгү дарек боюнча ала аласыздар: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 197, телефон номурлар: +996(312) 660408, + 996(312) 625810, факс: + 996(312) 66 1367.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу