Экономика министринин орун басары К.Джакыпов Ооганстан боюнча Лондондогу конференцияга катышты.

Новости
05-Декабрь 2014-ж.
2134
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов үстүбүздөгү жылдын 3-4-декабрында Улуу Британиянын Лондон шаарында болгон Ооганстан боюнча конференцияга катышып келди.

Бул конференция Улуу Британиянын жана Ооганстандын Өкмөттөрү менен биргеликте уюштурулган. Ооганстан боюнча Лондондогу конференциянын максаты болуп Ооганстандын жаңы Өкмөтүнө туруктуу жана өз алдынча комплекстүү программасын эл аралык коом менен биргеликте иштеп чыгууга мүмкүндүк берүү саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө регионалдык экономикалык кызматташтыкты алга жылдыруу маселелери каралды, анын ичинде транзиттик соода жана энергоресурстар менен алмашуу чөйрөсүндөгү маселелер да бар. Ушуга байланыштуу «CASA-1000» долбоорунун алкагында Ооганстан менен регионалдык соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

«СASA-1000» долбоору (Борбордук Азия-Түштүк Азия 1000 МВт) бул эл аралык үлгүгө (стандартка) ылайык келген электроэнергияны соода кылуу үчүн ылайыктуу келишимдерди жана механизмдерди иштеп чыгууну жана Борбордук Азия мамлекеттери тарабынан электрэнергияны экспортоо үчүн Кыргыз Республикасын жана Тажикстан Республикасын Ооганстан Ислам Республикасы жана Пакистан Ислам Рееспубликасы менен байланыштырган жогорку вольттуу электро берүү линияларынын энергия системасын куруу.

Жогоруда аталган конференциянын алкагында К. Джакыпов Евразия регионунун мамлекеттеринин жана эл аралык өнөктөш уюмдардын чоң мансаптуу расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу