Ата мекендик “халал-адал” продукциясын тышкы рынокко экспорттоонун өсүшүнө көмөктөшүү жөнүндө

Новости
06-Октябрь 2022-ж.
1222

Эт жана эт азыктары рыногу Кыргызстан үчүн инвестициялык жагымдуу тармак болуп саналат, анткени республиканын жаратылыш-климаттык шарттары жана адамдардын асыл тукум мал өстүрүү мүмкүнчүлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө жана "халал-адал" продуктунун талаптарына жооп берген арзан, бирок экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүүгө шарт түзөт. 

Алсак, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин көмөгү менен «халал-адал» жаңы муздатылган кой этин ай сайын Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жеткирүү үчүн “Al Sileitiin Trading Company” (БАЭ) менен “Торо” ЖЧК ата мекендик компаниянын ортосунда келишим түзүлдү. 

Кой этин экспортко жеткирүү «Торо» ЖЧКсы тарабынан үч этап менен жүргүзүлүп, жалпы көлөмү 50дөн 100 тоннага чейин болот.

Бул иш-чара бүтүндөй Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө оң түрткү бере алат.

БАЭ импортунун түзүмүндө эттин жана эттин кошумча азыктарынын үлүшү импорттун 10,3%дан ашыгын түзөт, бул БАЭди эт азыктарынын негизги импорттоочусу кылат, анын импорту Кыргызстандан да камсыздалышы мүмкүн.

БАЭ рыногуна айыл чарба жана тамак-аш продуктыларын жеткирүү үчүн, ал ушул продукцияны импорттоо боюнча учурдагы талаптарга жооп бериши керек жана эреже катары, төмөнкү шайкештик сертификаттарын талап кылат:

- ветеринардык сертификат;

- «Халал» сертификаты (мамлекеттик);

- тамак-аш сертификаты;

- Фитосанитардык сертификат.

Маалымат үчүн:

-Өлкө Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, халал продукция рыногун активдүү колдоого жана өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде артыкчылык берилген жана керектөөчү өлкөлөргө экспортту көбөйтүүгө көмөктөшөт.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомунда ата мекендик халал-адал продукциясын тышкы рынокко жеткирүүнү жеңилдетүү боюнча чаралар белгиленген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу