Министр Т. Сариев “Евразия мамлекеттеринин атаандаштыка жарамдуулук программасынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмдарынын (ЭКӨУ) Евразия жумалыгы” форумунда катышып жатат.

Новости
25-Ноябрь 2014-ж.
2152
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Евразия мамлекеттеринин атаандаштыка жарамдуулук программасынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмдарынын (ЭКӨУ) Евразия жумалыгы” форумунда катышып жатат, ал үстүбүздөгү жылдын 24-28-ноябрына чейин Франциянын Париж шаарында өтөт.

ЭКӨУ Евразия жумалыгынын максаты – бул ЭКӨУ жана Евразия мамлекеттеринин ортосундагы мамилени мындан ары да бекемдөө үчүн шарттарды түзүп жана бул динамиканы пайдаланып калуу саналат. Мындан сырткары келечектеги өнүгүү менен байланышкан маселелердин кеңири спектри боюнча кеңейтилген кызматташтыктын ачыктыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет.

ЭКӨУ уникалдуу аянт болуп саналат, анткени ал мамлекеттерге жалпылоонун экономикалык, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү бирдиктүү чечүүгө уруксат берет. Ошону менен бирге ЭКӨУ мамлекеттерге саясат тажрыйбасын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берет жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолун таап, иштин тийиштүү методун аныктап жана ички, сырткы саясатты координациялайт.

Ошону менен бирге ЭКӨУ Евразия жумалыгынын алкагында Евразия региондорунун мамлекеттеринин, ЭКӨУ катышуучу мамлекеттеринин чоң мансаптуу өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, ири ишмерлердин, эл аралык өнөктөш уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана талкууланып жаткан маселелер боюнча компетенттүү адистердин эки тараптуу жолугушуулары болуп өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу