Облустун 2017-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун Талас шаарындагы коомдук угууда талкуулашты.

Новости
10-Декабрь 2014-ж.
2186
2014-жылдын 5-декабрында Талас шаарында өкмөттүк эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттар, бизнес ишкерлер, облустук жана райондук администрациянын жетекчилери жана кызматчылары, айылдык округдар, жергиликтүү өз алдынча башкармалар, көз карандысыз эксперттер катышкан коомдук угууда облустун 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык долбоорун талкуулашты.

Коомдук угуу Талас облусунун губернатору Курманалиева К.А. жана Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Жумалиев З.К., «БИОМ » экологиялык кыймылы жана Бишкектеги ОБСЕ борборунун эксперттеринин катышуусу менен өттү.

Облустагы стратегиялык долбоордун өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын 2017- жылга чейинки Улуттук стратегиянын туруктуу өнүгүүсүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Талас облусунун экологиялык жана социалдык факторлорун эсепке алуу менен экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгүн аныктайт.

Коомдук угууда облустун орто мөөнөттөгү өнүгүүсү боюнча талкуулоо биринчи жолу өткөрүлдү. Коомдук угуунун катышуучуларына 2017-жылга чейинки өнүгүүнүн тапшырмаларына, артыкчылыктарын багыттоого жана долбоордун ой-максаттарына өз ой-пикирлерин киргизип, талкуулоого катышып жана сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Талас мамлекеттик обладминистрациясы тарабынан түзүлгөн буйруктун негизинде бардык алынган маалыматтар боюнча сунуштар берилип жана жумушчу топ тарабынан изилденип, эске алынды.

Каралган документтердин негизинде иш чара планы, бюджеттик тиркемелер жана облустагы 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышын мониторингдөө матрицасы иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги стратегиялык документти башынан баштап иштеп чыгуу процессинде маалыматтык, эксперттик, техникалык, маалыматтык-окутууга колдоо көрсөттү.

Азыркы убакта Экономика министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарга этап боюнча төмөнкү багыттарга колдоо көрсөтүүсүн улантууда: өткөн жылы Нарын облусуна 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясын жана ошондой эле Суусамыр айылдык аймагына өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам көрсөткөн, ал эми азыркы убакта, Ысык-Көл жана Талас облустарында иш жүрүп жатат. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жардам берүү пландаштырылып жатат.

Коомдук угуу Ысык-Көл жана Талас облустарынын мисалында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча долбоору боюнча” өткөрүлдү. Бул долбоор КР Экономика министрлиги менен «БИОМ» экологиялык кыймылы жана Бишкектеги ОБСЕ борборунун колдоосу менен бирге ишке ашырылды.

КР Экономика министрлиги тарабынан Талас жана Ысык-Көл облустарынын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерин иштеп чыгуу процессин министрдин кеңешчиси Тен Л.И. жана Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын начальниги Жумалиев З.К. ишке ашырып жатышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу