ЖК Тармактык комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча мыйзам долбоорунун топтомун үчүнчү окууда жактырды.

Новости
24-Ноябрь 2014-ж.
2205
Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрындагы КР ЖК отурумунда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча мыйзам долбоорунун топтому үчүнчү окууда жактырылды.

Депутаттар төмөндөгү мыйзам долбоорлорун жактырышты:

1. Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

2. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

3. Кыргыз Республикасындагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

4. Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

5. Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

6. Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

7. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

8. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

9. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

10. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу