Нарын облусунун ишмерлери кызматтардын куржунунун БТБ МИ тарабынан түзүлүшү менен таанышышты.

Новости
24-Ноябрь 2014-ж.
2241
Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү ”Бирдиктүү Терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы (БТБ МИ) жана Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмү менен бирге ПРООНдун Сооданы алга жылдырууга көмөк көрсөтүү” Программасынын колдоосу менен экспортту колдоо үчүн кызматтардын куржунун түзүү боюнча тегерек стол өткөрүштү.

Бул иш-чарада тигүүчүлүк, жер жемиш, эт жана сүт тармактары жана бөтөлкөгө куюлган суу.боюнча беш секторду көрсөткөн Нарын облусунун экспорттоочулары катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө БТБ МИнин иши презентацияланды, ошону менен бирге экспортту алга жылдырууга көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү боюнча жаңы функциялардын бөлүнүп берилиши да көрсөтүлдү. БТБ МИнин кызматкерлери эң артык кызматтарды аныктоо максатында кызматтардын тизмесин талкууга алуу үчүн Бишкек шаарында болуп өткөн тегерек столдун жыйынтыктары менен ишкерлерди тааныштырып өтүштү.

Өз кезегинде Нарын облусунун ишмерлери бул сыяктуу бизнес-коом менен КР Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосундагы экспортко көмөк көрсөтүү маселелери боюнча диалог, алардын ишине тийиштүү эмес тренинг жана лекцияларга караганда бир топко натыйжалуу экенин билдирип өтүштү. Ушуну менен бирге БТБ МИнин иши алдыда мындан да жемиштүү жана пайдалуу болооруна ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу