Министр Т.Сариев: БААЭК программасы Борбордук Азиядагы тажрыйбалуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо механизмдеринин бири болуп саналат.

Новости
05-Ноябрь 2014-ж.
2181
Бул жөнүндө 2014-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтүп жаткан Борбор Азиялык аймактык экономикалык кызматташтык (БААЭК) боюнча 13-Министрлердин конференциясында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев чыгып сүйлөп жатып билдирди.

Бул конференциянын төр агасы, министр Т. Сариев белгилегендей БААЭК программасынын мүчөлөрү болуп Афганистан, Азербайджан, КЭР, Казахстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан саналат. Ал эми БААЭКтин ишин алты көп жактуу институттар колдошот, алар: Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Валюта Фонду, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы.

Мындан сырткары БААЭК программасынын миссиясы болуп кызматташтык аркылуу, транспорт, энергетика жана башка жалпы кызыгууну көрсөткөн секторлорду алдыга жылдыруу жана аймактык кызматташууга көмөк көрсөтүү жолу аркылуу өнүктүрүү саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында БААЭКтин алкагында чек-ара кызматтарын аймактык жакшыртуу, транспорттук коридорлорду реабилитациялоо, энергетикалык ж.б. бир нече долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Транспорт, соодага көмөк көрсөтүү, соода саясаты жана энергетика секторлору боюнча БААЭК мамлекеттеринде 21 млрд. долларды түзгөн 140 долбоор ишке ашты.

Бул Конференциянын алкагында Алматы-Бишкек Коридору” демилгеси боюнча Алматы жана Бишкек шаарларынын ортосунда Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары төмөндөгүдөй сессиялар болуп өттү: БААЭК мамлекеттериндеги экономикалык перспективалар (анын жүрүшүндө ЭВФтин презентациясы болуп өттү); БААЭК министрлери тарабынан БААЭК Институтунун жана төрт сектордун жасаган иши боюнча Алматы-Бишкек Коридору” демилгеси (Экономикалык коридорлорду өнүктүрүүнү баалоо боюнча ) жөнүндө пикир алышууну жана ЭВОЛ докладын кароо; БААЭК өнөктөш-институттарынын жана эки тараптуу донордук агенттиктердин ар тараптуу пикирлери; БААЭК өкүлдөр тобунун мүнөздөмөлөрү; акыркы вариантын аягына чыгара иштеп чыгып жана аны кабыл алуу максатында БААЭК институту жөнүндө билдирүүнүн долбоору менен кошо министрлердин билдирүүсүн карап чыгуу.

Расмий ачылыш болуп өткөн соң АӨБ президенти Т. Накао жана КР Экономика министри Т. Сариев БААЭКтин экономикалык өнүгүүсү жана АӨБтүн КРдагы иши жөнүндө бирдиктүү пресс-конференциянын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

""

"" """"""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу