Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына социалдык инвестицияларды тартуу жөнүндө

Новости
21-Сентябрь 2022-ж.
1458

2022-жылы 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Халал өнөр жайын өнүктүрүү борборунун демилгеси менен министр Данияр Амангелдиев жана министрдин орун басары Айнура Усенбекова "Карбонег" долбоору боюнча “Бенефит Менежмент С.Р.О” чех компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты - айыл чарбасына социалдык инвестицияларды тартуу, Кыргызстанда Регенеративдик айыл чарбасына өтүүнү колдоо.

Тактап айтканда, "Карбонег" социалдык долбоору  фермерлерди колдоо максатында талаа жана жайыттарды  калыбына келтирүү принциптерин колдонуу менен жердин асылдуулугун арттырууга багытталган. Бул практика топурактын табигыйлуулугун кайтарып, асылдуулугун арттырып, кургакчылыкка жана катуу жааган жамгырга, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин кирешелүүлүгүнө алып келет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылы 80 миң га чейин жерди камтып, долбоорго катышуу үчүн 1 миң жеке фермаларды тартуу пландаштырылды.

Каржылоо долбоору Кыргыз Республикасында эт халал паркынын долбоорунун максаттары жана милдеттери менен үндөшүп турат, ал "Кыргыз Республикасы менен ИӨБ жана Жеке секторду өнүктүрүү Ислам корпорациясы менен ортосундагы гранттык жардамды алууга Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы үчүн долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоодо жеке секторду өнүктүрүүнүн” алкагында ишке ашып, жалпы концепциянын маанилүү компоненти болуп саналат.

Эт Халал паркынын Техникалык экономикалык негиздемесин  иштеп чыгуучуларынын бири - органикалык жер семирткичтерди өндүрүүдө адистешкен “Викториос Груп” компаниясы болуп саналат .

Бул жолугушуу актуалдуу, анткени 2021-жылдын 8-февралындагы 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы Халал айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүнү карайт. Ошентип, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасында белгиленгендей,  "Жайыт жерлеринин деградациясынын деңгээлин бузат. Малдын ашыкча жерди тепсеп, жайылышы жана токойлорду кыйуу топурактын эрозиясына алып келет жана айыл чарбасына таасир этет ".

Бул долбоордун алкагында топуракты анализдөө, жер кыртышын калыбына келтирүү жана сактоо боюнча чаралар жана жеке фермердик чарбаларды каржылык жактан колдоо каралган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу