Экономика министрлиги бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана анализ жүргүзүү боюнча иштерин улантып жатат.

Новости
04-Ноябрь 2014-ж.
2260
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүү жана инвестициялар кеңешинин Кезексиз отурумунун протоколун аткаруу боюнча Экономика министрлиги бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана анализ жүргүзүү боюнча иштерди улантып жатат.

Министрликтин буйругу менен КРӨ алдындагы Бизнести өнүктүү жана инвестициялар кеңешинин Кезексиз отурумунун протоколун ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген, ошону менен бирге 3 жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топторду түзүүнүн максаты болуп көйгөйлүү маселелерге кеңири анализ жүргүзүү, коррупцияга каршы туруу жана көзөмөлдөө органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүнү алдын алуу саналат.

Жумушчу топ тарабынан Мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын (МКО) текшерүү баракчаларын оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан ишкерлердин ишине ашыкча кийлигишүүсүн жок кылуу максатында министрлик тарабынан Колокол” программасы ишке киргизилди.

Бул программанын максаты болуп мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан ишкерлердин ишине ашыкча кийлигишүүсүн алдын алуу боюнча мобилдик топторду түзүү саналат, ар бир ишкер мыйзамсыз текшерилип жаткандыгы жөнүндө арыздануусу менен 62-03-19 Тынымсыз байланыш” номерине кайрыла алат.

Бул номер аркылуу ишкерлерге МКО тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр туура жана негиздүү же туура эмес жана негизсиз жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө да кеңеш берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу