Статс-катчы КЭУнун профессордук – окутуучулар курамын 61 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Новости
03-Ноябрь 2014-ж.
2250
""Бүгүн статс-катчы Айдай Курманова Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 61 жылдык мааракеси менен салтанаттуу майрамдын жүрүшүндө министрликтин жана жеке өзүнүн атынан куттуктады.

Статс-катчы белгилеп өткөндөй, бул университет 1953-жылы Фрунзенин советтик соода техникуму болуп түзүлүп, өзүнүн түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө биринчи күндөн баштап эле экономикалык илимдин жана билимдин алдыңкы илимий борбору катары белгилүү болуп, даңктуу жолду басып өттү. Бул жылдары он миңдеген бүтүрүүчүлөр чыгарылып, алар биздин мамлекетибизде жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү эмгекетнип жатышат.

Жогорку квалификациялуу профессордук – окутуучулар курамы экономикалык адистиктердин кеңири спектрин даярдайт, бул курамда көрүнүктүү, залкар окумуштуулар да көп. Бүгүнкү күндө М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун диплому жогорку сапаттуу профессионалдык даярдоонун жана билимдин туруктуу кепилдиги болуп саналат.

Университеттин кадыр – баркы Кыргызстанда гана эмес башка Борбордук Азия регионунда да сый – урматка ээ болду. Ири чет элдик университеттер менен активдүү эл аралык кызматташуу иштиктүү маек курууну түшүндүрөт, анын жыйынтыгы болуп Университеттин бүтүрүүчүлөрүн даярдоо деңгээли билим берүү системасынын бардык талаптарына ылайык келүүсүн билдирет.

Жамааттын максатка умтулгандыгы, уюштуруучулук шыгы жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги Университетке мындан ары да илимдин бирдиктүүлүгүн көрсөтүп жана Кыргызстанда да, чет мамлекеттерде да жогорку экономикалык билимдин флагманы болуп калаарына ишенимин билдирди. Ошону менен бирге Университеттин жалпы жамаатына жаңы ийгиликтерди жана утуштарды каалап өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу