Экономика министри «Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited CNPC» (КЭР) компаниясынын вице-президенти менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Новости
28-Октябрь 2014-ж.
2156
2014-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри «Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited CNPC» (КЭР) компаниясынын вице-президенти Мэн Фаньчунь мырза башында турган өкүлдөр тобу менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн жана «Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited CNPC» ЖАК компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашууга кол коюу; газ түйүндөрүн курууга жерди бөлүү, газды транспорттоого жана көчмө айылды башкаруу; долбоордук документацияны кароо жана бекитүү тартиптери; Бишкек шаарында Борбордук диспетчердик пунктун куруу үчүн жерди тандоо боюнча маселелер талкууланды.

«Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited CNPC» (КЭР) компаниясынын вице-президенти Мэн Фаньчунь мырза министрге газ түтүгүн куруу иштеринин ишке ашырылышы жөнүндө маалымдап өттү.

Т.Сариев бул долбоор Кыргызстандын тарыхындагы ири инвестициялык долбоордун бири болуп саналаарын белгиледи. Анткени аталган долбоорду ишке ашырууга 1,5 млрд долларга жакын каражат талап кылынат. Алдын ала белгилүү болгон маалымат боюнча, газды транзиттөөдөн Кыргызстан 35 жылдын аралыгында 2 млрд доллардан ашык киреше алат.

Мындан сырткары министр, бул долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоо зарыл, ошону менен бирге министрлик долбоордун иш жүзүнө ашырылышына ар тараптуу көмөк көрсөтөт жана инвесторлордун укугун коргойт деп билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин 2013-жылы 10-13-сентябрда Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын учурунда кол коюлган Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүнүн курулушу жана колдонуусу тууралуу Келишимге ылайык Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүнүн курулушу ишке ашып жатат.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу