Статс-катчы А. Курманова: мамлекеттин экономикалык өсүшүнө жана бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн USAIDдин колдоосу менен экономика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды улантуу зарыл.

Новости
14-Октябрь 2014-ж.
2234
""Бул жөнүндө Хаятт Ридженси” мейманканасында өткөн салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова USAID РЕФОРМА долбоорунун жабылып ошону менен бирге Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун жаңы ачылышында айтып өттү.

Ал белгилегендей Эл аралык өнүктүрүүбоюнча АКШ агенттиги менен министрлик көптөгөн жылдар бою иштеп келе жатат. Акыркы үч жылдын ичинде Карен Вестергаард айым башында болгон USAID РЕФОРМА долбоору аркылуу биздин кызматташуу абдан тыгыз байланышта болуп калды.

Белгилүү болгондой Экономика министрлиги мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөнүн ишинин таасирин жогорулатууга багытталган экономикалык жана административдик реформалардын негизги демилгечиси жана кыймылдаткычы болуп саналат.

Сапаттуу реформа жүргүзүү үчүн мамлекеттик долбоорлоштуруунун заманбап технологияларын жана бардык кызыктар тараптардын (жарандык коом, мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр, министрликтин кызматкерлери) ортосундагы балансты сактоону эсепке алуу менен иштин жаңы принциптери керектигин КР ЭМ статс-катчысы маалымдады. Учурдан пайдаланып А.Курманова бардык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, USAID РЕФОРМА долбоорунун бардык командасынын профессионалдык ишин белгилеп өттү.

Өз кезегинде К.Вестергаард айым А.Курмановага ыраазычылык кат тапшырды, анда USAID доолбоору КР Экономика министрлигине экономикалык реформалар Deloitte Consulting, Inc. тарабынан жүргүзүп жаткан USAID РЕФОРМА долбоорун ишке ашырууда активдүү жардам берип жана ийгиликтүү кызматташып жаткандыгы жөнүндө жазылган.

USAID РЕФОРМА долбоору тоо кен казуу чөйрөсүн реформалоо, фискалдык саясат бөлүгүндө лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, адамдык жана институционалдык дараметин күчөтүү боюнча иштеринде консультациялык жана эксперттик жардам берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу