Аймактын өлкөлөрүндө“Бирдиктүү терезенин” электрондук сооданы өнүктүрүүнүн, стандарттарды синхрондоштуруунун жана интеграциясынын маанилүүлүгү жөнүндө

Новости
30-Август 2022-ж.
1547

2022-жылдын 29-августунда Сингапурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жетектеген кыргыз делегациясы Азия-Тынч океан аймагында сооданы жеңилдетүү боюнча 10-форумдун ачылышына катышты. Бул форум БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО), Азия өнүктүрүү банкы жана Сингапурдун Соода жана өнөр жай министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.

Форумду Сингапурдун соода жана өнөр жай министри Лоу Йенг Лин айым ачты.

Форум маселелерди комплекстүү кароого жана тажрыйба алмашууга, соода жол-жоболорун жеңилдетүү, экспорттун жана импорттун бажылык администрациясын модернизациялоо, пандемиядан кийинки мезгилде эл аралык сооданын туруктуулугун жогорулатуу, экономиканы колдоо жана региондун өлкөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга багытталган.

Форумдун жүрүшүндө панелдик дискуссиялар, интерактивдүү жана маалыматтык сессиялар өткөрүлдү, бул катышуучуларга сооданы жеңилдетүүнүн ар кандай аспектилери, анын ичинде трансчек аралык электрондук жана кагазсыз соода, транзит жана бажылык башкарууда жаңы инновациялык технологияларды колдонуу ж.б. боюнча тажрыйба жана пикир алмашууга мүмкүндүк берди.

2022-жылдын 30-августунда министрдин орун басары А.Үсөнбекова “Сооданы жеңилдетүүнүн туруктуулугун жогорулатуу: алдыңкы тажрыйбалардан алынган сабактар” деген темада панелдик сессияда сөз сүйлөдү.

Тактап айтканда, министрдин орун басары Кыргызстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштерди, анын ичинде Сооданы жеңилдетүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуунун (TFA) жоболорун ишке ашырууну белгиледи. Ал ошондой эле электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн, стандарттарды синхрондоштуруунун жана региондун өлкөлөрүндө “Бирдиктүү терезенин” интеграциясынын маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу