Министр Т.Сариев кыргызстандыктардын Курман айт майрамы менен куттуктайт.

Новости
02-Октябрь 2014-ж.
2258

""Урматтуу мекендештер!

Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат.

Курман айт күнү бардык тилектериңерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын.

Министр Т. Сариев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу