Айланма Чүй каналы-2 курулушунун долбоорун изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары талкууланды

Новости
11-Август 2022-ж.
1493

«Айланма Чүй каналынын экинчи этабын куруу» (АЧК-2) долбоорун илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын өкүлдөрүнүн кытайлык Yellow River Engineering Consulting Co. Ltd.компапниясы менен биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Бул компания Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан АЧК-2 долбоору боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жиберилген. Бул долбоорду Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык жардамы аркылуу ишке ашыруу пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АЧК-2 долбоору боюнча эксперттик топтун изилдөөсүнүн алдын-ала жыйынтыктарын талкуулап, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча пикир алышты.

Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов долбоордун жогорку маанисин жана аны ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгиледи. АЧК-2 долбоорун ишке ашыруу суунун коромжусун жылына 300-400 миллион м3 кыскартууга мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленди, бул Чүй өрөөнүндө сугат суунун жетишсиздигин эске алуу менен өзгөчө маанилүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоордун алкагында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу