Натыйжалуу эмес кызмат көрсөтүү системасы мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн токтотот.

Новости
01-Октябрь 2014-ж.
2338
""Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова Ак ниеттүү башкаруу-жарандардын сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө бирдей кирүүнүн негизи” конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Ал белгилегендей мамлекеттик башкаруунун азыркы абалы элдин адилеттүү сынына кабылды, ошого байланыштуу 2013-2017-жылга Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын алкагында төмөндөгүдөй маселелерди ишке ашыруу каралган: жакшы иштеген мамлекеттик башкаруу системасын түзүү; мамлекеттик башкарууда терс көрүнүштөрдү жеңүү анын ичинде коррупция, профессионализмдиктин жана жоопкерчиликтин жетишсиздиги.

Статс-катчынын сөзү боюнча биринчи ирээтте Өкмөттүн алдында бийликтин институттарына жарандардын ишеничин кайра кайтаруу максаты турат. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу маселесин коюп жатып, бул чөйрөнү оптималдаштыруу процессинин башталышы үчүн бирден бир негиз болуп калды.

Бул реформанын мындан сырткары да себептери бар, алар: кызматтарды көрсөтүү маселесин жөнгө сала турган тиешелүү укуктук ченемдик базанын жоктугу; мамлекеттик мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын реестрин түзүү тартиби орнотулган эмес; сапаттуу эмес кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын жоопкерчилигинин жоктугу, аймактарда мамлекеттик кызматтын төмөн деңгээлде көрсөтүлүүсү жана коррупциянын көптүгү ж.б.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын реформалоо боюнча мамлекеттик саясат үч этаптан турат:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдоонун баштапкы укуктук ченемдик базасын түзүү жана инвентаризация жүргүзүү;

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн регламенттерин жана стандарттарын киргизүү, бирдиктүү терезе” системасын түзүү маселелерин иштеп чыгуу;

3. бирдиктүү терезе” системасын киргизүү менен электрондук форматта” кызматтардын өзгөчө түрлөрүн көрсөтүүнү которуу жана бизнес-процесстерин техникалык сүрөттөө.

Биринчи этап ийгиликтүү ишке ашты (2011-жылдан баштап 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин). Азыркы учурда Өкмөт тарабынан экинчи этап ишке ашырылып жатат (2012-жылдын экинчи жарым жылдыгынан баштап 2014-жылга чейин). Ал эми үчүнчү этап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен жүргүзүлөт.

Бул конференциянын максаты болуп мамлекетте ак ниеттүү башкарууну алга жылдырууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүү жана диалогту чыңдоо саналат.

Эки күндүк конференциянын ишинде Өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, БУБ Агентстволору, эл аралык уюмдар, жарандык коом, коомдук байкоочу кеңештер, жергиликтүү коомдор жана 30 сынактык айыл аймактарынын башчылары катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу