Министр Т.Сариев Нарын облусунун экономика тармагын жана калкын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшүнүн абалы жөнүндө отурумга катышып жатат.

Новости
07-Октябрь 2014-ж.
2581
""Бүгүн 2014-жылдын 8-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү маселеси боюнча Нарын облусунун штабынын отурумун өткөрүп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облусунун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, Нарын шаарынын мэри жана энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери катышышты.


Отурумда белгиленгендей Нарын облусунда 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.05.2014-жылдагы № 250 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 23-майындагы №148-б буйругу менен облустук, райондук, шаардык штабдар түзүлүп, иш аракеттер көрүлүүдө.

Кышка даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйындары өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Нарын шаарынын мэрине, облустук мекеме - ишканалардын жана көмүр ишканаларынын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип, иштер жүргүзүлүүдө.

2014-15-жылдардын күз-кыш мезгилине Нарын облусунун экономика тармагына жана калкына бардыгы 44 миң 662тн көмүр отуну керектелет. Мунун ичинде билим берүүгө - 12692тн, саламаттык сактоого - 1212тн, маданиятка - 578тн, кесиптик билим берүүгө - 545тн, жылуулук берүү ишканаларына - 2780тн, ички иштер башкармасына - 560тн, чегара кызматына -3545тн жана элге - 22750тн.

Райондордун бюджеттик мекемелерине көмүр отунун тартууга тендерлер өткөрүлүп, тендерден утуп чыккан ишканалар, жеке менчик уюмдар менен келишимдер түзүлүп, көмүр отунун тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан бюджеттик мекемелерге көмүрдү сатып, тартып алууга 38 млн 827,4 миң сом талап кылынат. 2014-жылдын 29-сентябрына карата 34 млн 454,1 миң сом акча каражаты (республикалык бюджет – 25 млн 186,9 миң сом, жергиликтүү бюджет - 9млн 267,2 миң сом, жалпы талап кылынуучу акча каражатынын 88,7%) келип, көмүр ишканаларына которулуп берилүүдө. Мунун ичинде билим берүү тармагына керектелүүчү көмүр отуну (13459тн) үчүн 34 млн 370 миң сом акча каражатынан республикалык бюджеттен каржылануучу 22млн 362 миң сом толугу менен которулуп берилди, жергиликтүү бюджеттен 9млн 267 миң сом которулуп, 77,2% түзүүдө. Саламаттык сактоо тармагына керектелүүчү көмүр отуну (1217тн) үчүн талап кылынуучу 2млн 950,9 миң сом акча каражатынан республикалык бюджеттен 2 млн 824,9 миң сому которулуп, 95,7 % түзүүдө.

Ал эми кесиптик билим берүү тармагына тартылуучу 549тн көмүр отуну үчүн керектелүүчү 1млн 506,5 миң сому которулуп бериле элек.

Облус боюнча 2014-жылдын 8 айында Каракече, Турук көмүр кендеринен 268,0 миң тонна көмүр казылып алынып, 2013-жылдын 8 айына (144,6 миң тонна) салыштырмалуу 123 миң 395 тонна көмүр көп казылып алынды, же 185,3%.

2014-жылдын 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөгү көмүр өндүрүүчү ишканалар өсүү темптерин камсыз кылышса (АК «Жумгалсуукурулуш»- 2 эсеге, ЖЧК «Пандж-Шер»- 2,6 эсеге, ЖЧК Бусурманкул Т” -3,3 эсеге, ЖЧК «Нарын-Көмүр» - 22,7 эсеге, ЖЧК «АГК-Тоо инвест» -164,1%ке, ЖАК Шарбон”- 103,4%ке), айрым көмүр өндүрүүчү ишканалар өндүрүүнү былтыркы жылдын көлөмүнө жеткире алышкан жок. (Филиал Кара-Кече” 45,4%, ЖЧК Берекет- Кен”- 12,4% ). ЖЧК «Кенч Строй» - 1 миң 500 тонна, ЖЧК «Акжол көмүр»- 8миң тонна, ЖЧК Нарк-Тоо” -13миң 505тонна көмүр өндүрдү. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине көмүр отуну менен камсыз кылуу иштеринин абалы, экологиялык жана техникалык коопсуздуктун сакталышы боюнча Жумгал районундагы Кавак көмүр бассейниндеги көмүр өндүрүүчү ишканалары мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү тарабынан текшерилген. Оорун алган кемчиликтерди жоюуу боюнча тапшырмалар берилип, аткарылышы региондук бөлүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш.

Тартылып жаткан көмүрдүн сыртка ташылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында Жумгал районунун Каракече участогунда Турускул”,Дүңгүрөмө, Миң-Куш участогунда Арал”, Кочкор районунда Сары-Чат” убактылуу посттору уюштурулуп, көмүр тартуу иштеринде уурдап сатууларга жол бербөө, учет иштеринин так жүргүзүлүшү көзөмөлгө алынууда.

2014-жылдын 29-сентябрына карата жалпы - 14миң 120 тн көмүр отуну тартылып, мунун ичинде билим берүү (1293,0тн) 95,0%, саламаттык сактоо (1179,0тн) 97,0%, маданият (458,0тн) 79,0%ке жана кесиптик билим берүү (390,0тн) 72% аткарылып, бюджеттик мекемелер көмүр отуну менен 94,0% камсыз болушту. Элге – 12миң 675,0 тн, же 56,0%. Жылуулук ишканалары – 1миң 941,0тн, же 70,0%, чегара кызматы – 2миң 71,0тн, же 58,0%.

Облус боюнча 269 отканада (130-электр, 80-көмүр, 59 меш, контрамаркалар) ремонт иштери пландаштырылып, 2014-жылдын 25-сентябрына карата 268 откана толук ремонттолуп бүткөрүлдү деп, тармактар боюнча маалыматтар берилди. (билим берүү- 165, саламаттыкты сактоо - 82, жылуулук берүү ишканасы - 21). Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин Борбордук” отканасынын 1 от казаны жаңы кубаттуу отказанга алмаштырылып, наладка жумуштары жасалууда. От казанды толук ишке даяр кылуу жагы 2014-жылдын 1-октябрына пландаштырылууда.

Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси ишканага керектелүүчү 2700тн көмүр отунун тартууга 12.05.2014-жылы тендер өткөрүп, тендердин жеңүүчүсү болгон ЖЧК Кенч-Строй” ишканасы менен келишим түзгөн. Жергиликтүү көмүр отунунун 1тн болгон баасы 1100 сомду түзөт (Көмүр ишканасынын карьеринен өзү тартып алуу шарты менен). 2014-жылдын 25-сентябрына карата 1918тн көмүр тартылып, план 71,0%ке аткарылган. Көмүр отунун толук тартып келүүгө ишкана тарабынан аракеттер көрүлүүдө.

Жылуулук ишканасына от жагуу мезгилине керектелүүчү 80тн көмүр отунунан 22,0тн көмүрү тартылып келинген, же 27,5% түзөт.

Элди көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында бардыгы 68 көмүр сата турган базалар уюштурулду деп маалымат берилгени менен бардык эле көмүр базаларына көмүр отуну толук түшүрүлө элек. 2014-жылдын 26-сентябрына карата Ак-Талаа районунда 1, Ат-Башы районунда 6, Жумгал районунда 10, Кочкор районунда 6, Нарын районунда 9 жана Нарын шаарында 2 көмүр сатуучу базаларга, жалпы 34 базага көмүр отуну түшүрүлүп, көмүр отунунун калдыгы 596 тоннаны түзүүдө. Райондордогу, шаардагы элге көмүр отунун сатуучу базалардагы көмүрдүн 1 тн болгон орточо бааларын тендердик баага (100сом) складдык чыгымды кошуп, Ак-Талаа районунда -1925 сомдон 2650 сомго чейин, Ат-Башы районунда - 3200сомдон 3400 сомго чейин, Жумгал районунда - 1200 сомдон 2100сомго чейин, Кочкор районунда - 2250 сомдон 2700 сомго чейин, Нарын районунда - 3250сомдон 3400 сомго чейин жана Нарын шаарында 3300 сомдон ашырбай кармоого чаралар көрүлүүгө тийиш. 2014-жылдын 8 айында Нарын облусунун электр тарамдарында 417,4 млн кВтс электр энергиясы пайдаланылган, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,0 млн кВтс көп. Жыл башынан бери 2014-жылдын 8 айына бөлүнгөн лимиттен (лимит 421,6 млн кВтс, пайд. 417,4млнкВтс) 4 млн 225 миң кВтс электр энергиясы кем пайдаланылды деп, эсептелгени менен 2014-жылдын 1-апрелинен баштап, 2015-жылдын 31-мартына чейинки мезгилге бөлүнгөн лимиттин 5 айына (лимит- 162,1 млн кВтс, пайд. 168,4 млн кВтс) 6,3 млн кВт саат электр энергиясы ашыкча пайдаланылды. Кабыл алынган энергиянын жалпы коромдору 70,4 млн кВтс (16,87%) түздү, мунун ичинен: техникалык коромдор – 67,1 млн кВтс (16,1%),коммерциялык коромдор – 3,3 млн кВтс (0,8%).

Өткөн жылга салыштырмалуу (2013-жылдын 8 айына 19,73%) жалпы коромдор – 2,87% азайган. Сатылган товардык продукциядан 307,9 млн сом, же 110,4% жыйналды (2013-жылы 265,0 млн сом, 105,2% жыйналган). Ал эми элден 158,2 млн сом, же 114,7% жыйналды (2013-жылга -131,5 млн сом, 106,9%). Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 2014-2015-жылдардын жылытуу мезгилине электр энергиясын иштеп чыгарууга жетпей жаткандыктан, энергетика тармагында оор кырдаал түзүлүп, электр энергиясын сарамжал пайдаланууга,үнөмдөөгө, электр энергиясынын жаңы бөлүнгөн лимитин сактоого чараларды көрүү жагы Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 04.09.2014-жылдагы №525-токтому менен милдеттендирилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 25.09.2014-жылдагы № 269-б буйругу менен аталган токтом аткарууга алынып, райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга, Чыгышэлектр” ААКнун Нарындагы филиалына, тиешелүү мекеме жетекчилерине буйрукту аткаруу жагы тапшырылып, иштер жүргүзүлүүдө.

3 фазалуу электр энергиясын пайдаланган кардарларды электр энергиясынан ажыратуу иштерин, Чыгышэлектр” ААКнун Нарындагы филиалынын райондук, шаардык мекемелери жүргүзүүдө. Кардарларга түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү жагы иш-чара планынын негизинде жергиликтүү бийлик органдарына тапшырылып, иштер жүргүзүлүүдө.

Отурумдун жыйынтыгында төмөндөгүлөр токтом кылынды:

1. Райондук мамлекеттик администрацияларынын, Нарын шаардык мэриясынын, облустук мекемелердин жана отун энергетика комплексинин ишканаларынын 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери канаттандыраарлык жүрүгүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Кышка даярдык көрүү иштеринде, көмүр отунун сатып алууга, тартып жеткирүүгө Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине берилүүчү заявканы кечиктирип бергендиги үчүн Ат-Башы районунун финансы бөлүмүнүн башчысына чара көрүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысына тапшырылсын.

3. Райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга, айыл өкмөт башчыларына төмөндөгүлөр тапшырылсын:

- райондордун, шаардын экономика тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин көзөмөлгө алып, бюджеттик мекемелерге көмүр отунун убагында тартып жеткирүүгө тиешелүү чараларды көрүү;

- бюджеттик мекемелердин жылуулук берүүчү отканаларында резервдик отказандарды ремонттон өткөрүп, от жагууга даяр кылуу;

- өз аймактарындагы көмүр казуучу ишканалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, көмүр өндүрүүгө, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарттарды түзүү жана облустун аймагында уюштурулган көмүр отунун сатуучу базаларга көмүр отунун тартып жеткирип, саттырууну уюштуруу;

- өз аймактарындагы көмүр кендеринен тартылып жаткан көмүрдүн сыртка ташылып кетүүсүнө бөгөт коюу, убактылуу посттордогу учет иштеринин так жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу;

- элге сатылуучу көмүр отунунун 1 тоннага болгон баасын аныктоодо жеринде өткөрүлгөн тендердик баага складдык чыгым үчүн 100сом кошуп, андан ашырбай сатууну уюштуруу, көмүр сатуучу жайларга маалыматтык жарнактарды илдирүү;

- көмүр ишканаларынан тартылып келинген, эленген майда көмүрлөрдү кесек көмүрлөргө алмаштыруу;

- аз камсыз болгон, социалдык жактан жардамга муктаж атуулдарга көмүр отунунан жардам берүү иштерин колго алуу;

- айыл аймактарында, шаарда пайдаланылган электр энергиянын төлөмдөрүн өз учурунда аткарууну камсыз кылуу;

- электр энергиянын жащы бөлүнгөн лимитинин аткарылышын, жалпы жоготуулардын деңгээлин белгиленген пландан ашырбоону камсыз кылуу;

- 3фазалуу электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланган кардарларды электр энергиясынан ажыратуу иштеринин райондук, шаардык электр тармактар ишканалары тарабынан тез арада ийгиликтүү ишке ашырылышына катуу көзөмөл жүргүзүү, эл арасында түшүндүүрүү иштерин массалык маалымат каражаттары, телевидение аркылуу жеткирүүнү колго алуу;

- кесиптик билим берүү тармагынын мекемелерине 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине керектеле турган көмүр отундары үчүн берилүүчү акча каражатынын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен которуп берилишине чара көрүү.

4. Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысына, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысына - аймактарындагы көмүр кендерин иштеткен ишканаларга 2014-жылга көмүр отунун өндүрүү боюнча берилген план тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

5. Жумгал жана Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчыларына - М. Алыбаев, С. Исмаилов атындагы орто мектептердин жаңы орнотулуучу от казандарын убагында ишке даяр кылууну көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.

6. Мамэкотехинспекциянын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы 2014-жылдын сентябрь айындагы көмүр ишканаларынын ишкердигин текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтерди жоюуга чараларды көрсүн.

7. Нарын бассейндик суу чарба башкармасына - 2014-2015-жылдардын аба ырайы кургакчыл болуп, айыл чарбасындагы сугат иштерине насостук станциялар электр энергиясын лимиттен ашык пайдалангандыктан жана алдыдагы күзгү тоңдурма иштерине насосторду иштетүү пландалып жаткандыктан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине кайрылып, кошумча лимит бөлдүрүүгө чараларды көрүү жагы тапшырылсын.

8. Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысына, Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга жана Нарын райондор аралык жылуулук берүү өндүрүштүк бирикмесинин жетекчисине тапшырылсын:

- Жумгал жылуулук ишканасына керектелүүчү көмүр отунун толук, убагында тартып келинишин камсыз кылуу;

- мурун берилген жылуулук энергиясынын дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча чараларды көрүү;

- жылуулук берүү үчүн пайдаланылган электр энергиясынын карыздарына эсептелген туумду жойдурууга чечкиндүү аракеттерди көрүү;

- ишканалар тейлеген мекемелерге кыш мезгилинде жылуулук энергиясынын үзгүлтүксүз, керектүү өлчөмдө берилишин камсыз кылуу.

9. «Чыгышэлектр» ААКнун Нарын филиалына төмөндөгүлөр тапшырылсын:

- Нарын облусуна 1.04.2014-жылдан 1.04.2015-жылга чейин электр энергиясын пайдаланууга бөлүнгөн жащы лимитин сактоону камсыз кылуу;

- 3 фазалуу электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланган кардарларды электр энергиясынан ажыратуу иштеринин райондук, шаардык электр тармактар ишканалары тарабынан тез арада ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу;

- энергетика тармагында түзүлгөн оор кырдаал, абалдан чыгуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар, 3фазалуу электр отказандардын ажыратылышынын зарылдыгы, алдыдагы кышка көмүр отуну менен камсыз болуу жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин массалык маалымат каражаттары, телевидение аркылуу жеткирүүнү камсыз кылуу;

- 3 фазалуу электр энергиясын пайдалануучуларга 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап жащы тариф менен эсептеп жаткан программага өзгөртүү киргиздирүү, жащы тариф менен эсептөөлөр жүргүзүлгөн абоненттерге кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп берүү;

- 2014-жылдын 1-апрелинен 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын пайдаланууга бөлүнгөн лимит Нарын облусуна жетишсиз болгондуктан, кошумча лимит бөлдүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө негизделген сунуш даярдоо;

- электр энергиясын пайдаланууда жалпы жоготуулардын көлөмүн 2014-жылга төмөндөтүү, керектөөчүлөрдүн электр энергиясы үчүн дебитордук карызын азайтуу;

- жащы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылууга иш аракеттерди көрүп, трансформаторлор менен камсыз кылууну чечүү;

- кароосуз калган трансформатордук подстанцияларды электр тармактарынын балансына өткөрүп алуу иштерин улантуу;

- 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн запастык бөлүктөрдүн, электр жабдыктардын жана трансформатордук майдын жетиштүү корун даярдоо.

10. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине төмөндөгүлөр тапшырылсын:

- ишканага тиешелүү жылуулук берүүчү отканалардын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде жылуулук энергиясынын үзгүлтүксүз берилишине, отканалардын бүлүнүүсүз иштешине чараларды көрүү;

- Борбордук” отканадагы жащы орнотулуп жаткан отказанды 2014-жылдын 1-октябрына ишке киргизүүгө даяр кылуу;

- 2014-жылдын 1-октябрына чейин көмүр отунун толук тартып келүүнү камсыз кылуу;

- отканалардагы авариялык учурларды тез арада четтетүү үчүн запастык бөлүктөрдүн корун даярдоо.

11. Көмүр ишканаларынын жетекчилерине төмөндөгүлөр тапшырылсын:

- көмүр өндүрүлүп жаткан карьерлерде экологиялык талаптарды, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо;

- 2014-жылга көмүр отунун өндүрүүнүн планынын аткарылышын камсыз кылуу;

- элге көмүр сатуучу базаларды күз-кыш мезгилинде сапаттуу көмүр отуну менен камсыз кылуу.

12. №3 Автоунаа жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгына, Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун башкармалыгына төмөндөгүлөр тапшырылсын:

- облустун автоунаа жолдорун, ашуу белдерин оң абалда кармап, кыш мезгилине даярдалуучу инерттик материалдарды жетиштүү көлөмдө топтоону камсыз кылуу;

- кыш мезгилинде колдонулуучу техникаларды дайыма оң абалда кармап, запастык бөлүктөрдүн, майлардын корун даярдоо.

13. Нарын облустук ички иштер башкармасына- 2014-2015-жылдын жылытуу мезгилине керектелүүчү көмүр отунун толук тартып жеткирүүнү камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарына тапшырылсын.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу