М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун алдындагы сооданы жеңилдетүү боюнча компетенттүү борбордо эл аралык сооданын эрежелери боюнча семинар өттү

Новости
27-Июль 2022-ж.
1551

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде 2022-жылдын 18-июлунан 25-июлуна чейин Эл аралык соода борбору (ЭСБ) Европа Биримдигинин "Ready4Trade Central Asia" долбоорунун алкагында Сооданы жеңилдетүү боюнча компетенция борбору тарабынан уюштурулган эл аралык соода эрежелери боюнча семинарга Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Семинар ошондой эле чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн уюштурулуп, 20-25-июлга чейин болуп өттү жана 4 окуу модулунан турду:

Эл аралык соода эрежелери;

экспорт процесси;

ЕБ рыноктук талаптары;

Сапат жана шайкештик стандарттары.

Маалымат үчүн: Соодага көмөктөшүү боюнча компетенция борбору Борбордук Азия чөлкөмүндө мамлекеттик кызматкерлерди, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн, магистранттарды жана бакалаврларды, ошондой эле башка коңшу мамлекеттердин студенттерин соода жол-жоболорун женилдетүү принциптерине жана ыкмаларына үйрөтүү үчүн түзүлгөн жалгыз Компетенттик борбор болуп саналат. 

БУУ ЕЭКтин жардамы менен 2021-2025-жылдарга сооданы жеңилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жол картасы иштелип чыкты.

Жол картасына ылайык  Компетенттик борбор 2025-жылга чейин сооданы жеңилдетүү жаатында 400 адисти (жылына 100 адам) даярдоону көздөп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу