Экономиканы жандандыруу – бул маанилүү иш экенин белгиледи министр Данияр Амангелдиев бүгүн, 2022-жылдын 20-июлунда журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында

Новости
20-Июль 2022-ж.
1585

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип, Кыргыз Республикасынын экономикасы оң тенденция менен чыккандыгын белгиледи. Бул өлкөдө түзүлгөн  экономикалык туруктуулук, Президентибиздин жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн бир багытта  иштешинен,   ар бир терс факторлорго ыкчам жана   эффективдүү чаралардын өз учурунда кабыл алынышынын эсебинен болду.

Биринчиден,  быйылкы кабыл алынган Антикризистик планды  аткарууга 126,0 млрд сом акча каражаты каралган эле. 

Анда калктын аярлуу катмарына жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине мурда болуп көрбөгөндөй  акча каражаттары бөлүп берүү, ишкерлерди салыктан бошотуу, ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү пандемия учурунда  калктын кирешелерин төмөндөтпөстөн,  ички керектөөнү  камсыз кылып, экономиканы туруктуу кармоого өбөлгө түздү.

Анын үстүнө салыктардан бошотуу, бюджетен реалдуу секторго акча каражаттарын бөлүп берүү, салыктардын түшүүсүн азайтпастан, тескерисинче бюджеттик кирешени жогорулатууга алып келди.

Мындан тышкары айыл чарбасында үрөндү сатып алууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1,5 млрд сом бөлүндү, бул айыл чарбада азык түлүк коопсуздугун гана камсыз кылууга жардам бербестен, айыл чарба продукциясына болгон бааларды бир аз ооздуктады.

Калк үчүн эң керектүү товарларга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатын ички рыноктордо калкка социалдык маанидеги продукциялар базар баасынан арзан баада сатылды.

Бул аракеттердин натыйжасында өлкөдөгү инфляция өтө көп жогорулаган жок.

Жогоруда айтылгандай жарым жылдыктын жыйынтыгы менен ИДП 6,3% өстү.

Өлкөдө экономиканы белгиленген көрсөткүчтө кармап туруу үчүн бир топ алгылуктуу иштер жасалууда. 

2026-жылга чейинки стратегиялык планда 5 %дан кем эмес өсүү максат болуп коюлган. Ошондуктан алдыдагы жылдарда өсүүгө шарт түзүш керек. 

Аталгандай, негизги иш иракеттер экономикага инвестицияны тартуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу болушу зарыл.

Инвестиция тартып келүү багытында төмөнкү чаралар көрүлүшү зарыл: 

Индустриалдык жана  эркин экономикалык зоналарды, креативдик өнөр жай паркын түзүү менен электрондук коммерциянын өнүгүүсү үчүн кабыл алынган Салык кодексинин жаңы редакциясынын, КР “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында салыктык жеңилдиктерди кабыл алуу зарыл.

Жаңы ишканаларды ачууну колго алуу керек, алар үчүн да жаңы салыктык жеңилдиктерди,  преференциаларды киргизебиз.

Креативдүү индустрия паркын түзүүнү тездетүү керек.

Мындан тышкары, электромобилдерди чыгаруучу заводду куруп электромобилдердин импортун көбөйтүүнү да зарыл милдеттердин бири.

Кээ бир токтоп турган жана аракеттеги ишканалардын (Кристалл, Дастан ж.б.) потенциалын колдонуу менен электрондук буюмдарды чыгаруучу заводду куруу милдети турат.

Жаңы түзүлгөн “Кыргызиндустрия”, Улуу көчмөндөр мурасы” ишканаларынын эффективдүү иштешин камсыз кылуу. Бул экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзүп, жаңы жумушчу орундарды көбөйтүү менен салыктардын мындан ары жогорулоосуна алып келет.

Россиянын заводдорунун Кыргыз Республикасында жайгашуусу боюнча аракеттерди жүргүзүү, алар менен кооперацияны күчөтүү зарыл. 

Кара-Балта шаарында айыл чарба шаймарданын чогултуучу заводдун курулушун ишке ашырабыз.

Ири долбоорлорду ишке ашырууну улантуу жана жаңы долбоорлорду колдоо, маселен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курулушун, Чүй айланып өтүү каналын курууну баштоо, Түндүк-Түштүк алтернативдик жолун  курулушу улантылат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында, калктын өлкөнүн ичинде каттамын жакшыртуу максатында аэропортторду   модернизациялоого конкурс жарыялоо тездетилет.

“АФК Система” менен КР ЭКМдин ортосундагы келишимди ишке ашырылат  (жеңил өнөр жай, IT, медицина, туризм тармагында) 

Бул долбоорлор  жаңы технологияларды жана жабдууларды  алып келет, ал өз учурунда билимдүү адистерди талап кылат, ошондуктан адам капиталын өнүктүрүү боюнча программаларды, адистерди кайра окутуу программасын ишке ашыруу керек;

Ишкерлерди финансы булагына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, түзүлгөн жана аракетттеги өнүктүрүү фонддорунан тышкары Мамлекеттик өнүктүрүү банкын капиталдаштыруу керек.

Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду сапаттуу даярдоо маселеси курч келип чыгууда, ошондуктан өнүктүрүү институттарынын Координациялык Кеңеши түзүлдү, анын алдында Улуу көчмөндөр мурасы менен биргеликте артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана коштоо боюнча Долбоордук  офис иштейт. 

Ал эми экспорттук потенциалды жогорулатуу багытында:

Кыргыз Республикасынын товарларынын экспортун диверсификациялоо, бул максатта чет өлкөлөрдө биздин өлкөнүн товарларынын көргөзмөлөрүн уюштуруу жана ал үчүн бюджеттен чыгымдарды бөлүү маселелерин тактоо келип чыгууда, ал үчүн негизги соода өнөктөш мамлекеттерде соода өлкүлчүлүктөрүн  түзүү керек ;

Биздин мамлекетибиздеги жакшы өнүгүп жаткан жеңил өнөр жай тармагына да  жеңилдетилген кредиттөө программасын иштеп чыгабыз, ошондой эле  аялдардын ишкердигин колдоо боюнча аракеттерди жүргүзөбүз.

Жыл аягына чейин 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктап, атайын иш чаралар планын иштеп чыгабыз.

Жаңы ишканаларды түзүү, соода багытында жасалып жаткан иш аракеттер жана экспорттун өсүшүнө, ошондой эле  ушул ишканалардын эсебинен салык базасы көбөйтүүгө алып келишине өбөлгө түзөт, ал жаңы рынокторду издөөнү талап кылат. 

Дагы бир артыкчылыктуу багыт бул Россия-Монголия-Кытай келишимине кошулуу жана Кытай Эл Республикасы менен соода процедураларын жөнөкөйлөтүу.

Салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү аяктоо бул салыкты жана бажы төлөмдөрүнүн топтолушунун ачыктыгына жана бул тармактагы коррупциядан арылууга  алып келет.

Кластерлерди өнүктүрүү концепциясын даярдоо жана ишке ашырууну пландап жатабыз. 

Туризм тармагы дагы көңүл сыртында калбайт. Биздин өлкө мыкты жаратылышка ээ, бирок инфраструктуралык өнүгүүнүн жетишсиздигинен анын ишин туруктуу деңгээлге чыгууга мүмкүндүк бербейт жана жергиликтүү калктын кирешеси кыска убакытка эле созулат же сезонго гана байланыштуу.  Бул милдеттерди чечүү үчүн “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду“ түзүлгөн.

Мындан тышкары, экономиканын туруктуу өсүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөндөгү иш чаралар аткарылат.

Министрлер Кабинетинин алдыдагы эң маанилүү маселелеринин бири бул 2022-2023 жылдын күз кыш мезгилин көйгөйсүз өтүүсүн камыз кылуу үчүн даярдыктарды көрүү. Бул максатта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн тиешелүү деңгээлде топтоо, мындан ары кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу жана энергетикалык коопсуздукту сактоо   үчүн иш чаралардын топтомун кабыл алуу зарыл.

“Бир айыл бир продукт”  программасын ар бир регионго жайылтуу жана анын бюджетин тактоо зарыл;

Мамлекеттик чыгашалардын эсебинен жана салык жүгүн азайтуу аркылуу калктын реалдуу кирешелерин жогорулатуу. 

Баарыбыз билгендей 90% жүк автомобиль менен ташылат, ошондуктан  бул жерде региондордун жетекчилеринин катышуусун эске алуу  менен айтат элем,  ички жолдорду оңдөп түзөөгө жана курууга өзгөчө көңүл бөлүү керек. 

Мурда белгиленген өсүү точкаларынын – Жалал-Абад, Баткен, Кадамжай, Раззаков, Каракол, Балыкчы, Талас шаарларынын программасын кайра карап актуалдаштурууну колго алабыз жана административдик аймактык реформаны тездетүү зарыл деп эсептейм.

Дүйнөдөгү азык түлүккө жана кээ бир товарларга баанын өсүүсүн эске алуу менен социалдык маанилүү товарлардын баасын чектөөнү улантып, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун  камсыз кылуу багытында да бир топ иш чаралар аткаруу менен, ички сырьелук базасын көбөйтүү зарыл.

Быйыл канттын алымсыз импорту үчүн 105 миң тонна квота алынды. Жыл сайын биз канаттуулардын этин 58 миң тонна, бодо мал – 10 миң тонна, ал эми буудайды 200 миң тоннага алымсыз импорттоого квота алуу маселесин иштеп жатабыз.

Ошондой эле, ички рынокту камсыздоо үчүн буудайды, унду, өсүмдүк майын, кантты ташып чыгууга 25-сентябрына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салынган. 

Айыл чарбасында Россия Федерациясы менен биргелдикте, ЕАЭБдин алкагында жогорку түшүмдүү үрөндөрдүн селекциясын колго алуу зарыл, мындан тышкары айыл чарба малдарынын да продуктуулугун жогорулатуу максатында иш алып барышыбыз керек.

Былтыркы жылдагы айыл чарбасында түзүлгөн кырдаалды кайталабаш үчүн азыртадан баштап тоют маселесин камдоо, быйылкы жылы өндүрүлгөн түшүмдү толук жыйноо боюнча аракеттерди жүргүзүүнү   региондордун жетекчилери айыл чарба министрлиги менен биргеликте колго алууну камсыз кылуу.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкер менен ишкерлердин түз байланышын азайтуу максатында республика боюнча  ишкерлерди тейлөө борборлорун ачууну көздөштүрүп жатабыз.

Бюджеттик каржылоонун өзгөрүшүнө байланыштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл.

Мындан тышкары экономика туруктуу өсүш үчүн ар бир регион өздөрүнүн региондук өсүшүн сактап, позитивдүү ИДПга жетиши керек.

Министр Данияр Амангелдиев негизги баяндамасынан сон, журналисттердин ар кыл суроолоруна жооп берди.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу