Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-юбилейлик жыйынында

Новости
19-Июль 2022-ж.
1961

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары - Кыргызстандарт) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары - КАБ) өкүлдөрү 2022-жылдын 13-14-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин 61-юбилейлик жыйынына катышты.

МАКтын жыйынына Кыргызстандарттын директору – Б.А.Нурматов, КАБдын директору – К.Ш. Жунушакунов , Кыргызстандарттын- Стандартташтыруу башкармалыгынын начальниги Д.Т Айтмурзаеванын, Кыргызстандарт- Сыноо, сертификаттоо, метрология боюнча Бишкек борборунун директору Э.К. Соороноев, Сертификаттоо жана контролдоо органдарын аккредитациялоо башкармалыгынын (КАБ) жетектөөчү адиси – А.А.Кадырбеков катышты.

Бул жыйында Кыргыз Республикасы төмөндөгүлөр боюнча баяндама жасады:

- КМШга мүчө-мамлекеттерде техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо, шайкештикти баалоо (иш тажрыйбасын жана маалыматтык материалдарды алмашуу) чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;

- МАКтын, Илимий-техникалык комиссияларынын (ИТК) жана жумушчу топторунун (ЖТ) чечимдеринин аткарылышы жөнүндө.

Ошондой эле, жолугушууда метрология, шайкештикти баалоо тармагындагы меморандумдарга жана «Кыргызстандарт» менен «Узстандарттын» кызматташуу программасы боюнча кол коюлду.

МАКтын бул мааракелик жыйынынын алкагында төмөнкүдөй жогорку деңгээлдеги иш-чаралар да өткөрүлдү.

- Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн 2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин сыйлыгына сынактын жеңүүчүлөрүн ыйгаруу: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 2022-жылдын 18-мартындагы “Кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө” чечимине ылайык Продукциянын сапаты жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын 2021-жылдагы сыйлыгы» М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетине ыйгарылып, КМШ сыйлыгынын дипломанты наамын алды.

КМШ алкагындагы иш-чараларды ишке ашырууда МАКтын жана КМШнын ардак сыйлыктары менен КМШнын өнүгүүсүнө зор салым кошкон КР ЭКМ, «Кыргызстандарт» жана ККАнын бир катар мыкты кызматкерлери сыйланышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу