Жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө Жобо Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Новости
23-Сентябрь 2014-ж.
2923

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө Жобо иштелип чыкты.

Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүүгө жолдонуп. Сунушталган Жобо бардык тоскоолдуктарды жоюуга багытталды.

Сунушталган долбоорду иштеп чыгуу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын уландысы жана жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүүнүн тартибин жөнгө салуучу системалаштырган биринчи ченемдик укуктук акт болуп саналат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууга жана кен казуу бизнесине жер тилкелерин берүүдө тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү максатында «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу эң маанилүү үч ченем киргизилди: бир эле учурда жер бөлүндүлөрүн бөлүү менен кен казууга берилген жерди иштетүүгө укук берүү; өзгөчө категорияга жер казынасын пайдаланууга өзүнчө жер бөлүп берүү; жер казынасын пайдаланууга берилген жерлерди мамлекеттик резервдин жерлерине киргизүү.

«Бирдиктүү терезе» принцибин жетекчиликке алып, жер казынасын пайдаланууга берилген жер бөлүндүлөрүн бир эле учурда кен казууга бөлүнгөн жердин чегинде жер казынасын пайдалана турган укук берүү менен таризделет.

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тажрыйбасы, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган көптөгөн жер казынасын пайдалануучулар бир нече ай, ал эми кээде жылдар бою, жер тилкелерин жер казынасын пайдалануучунун жер тилкелерине укугун тариздей алышпай тургандыгын күбөлөндүрүп, натыйжада пайдалуу кендерди иштетүүгө кирише алышпайт, ошондуктан көпчүлүк учурларда жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн лицензиялардан таптакыр баш тартышууда же жер бөлүндүсүн албай калгандыгына байланыштуу лицензиядан ажырап калышат.

Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө” мыйзамында жана Жер кодексинде” жер тилкелерин жер казынасын пайдалануучуларга берүү тартибинин жалпы ченемдери гана каралгандыгын эске алып, жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүү тартибинин ченемдери ачык, так жана ийне жибине чейин регламенттелген ченемдик укуктук актыны бекитүү зарылдыгы келип чыкты.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чаралар планына ылайык, «Жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу