Экономика министрлигинде министрдин орун басары Д. Ибраевдин жана Евразия Экономикалык комиссиянын ишкердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин башчысы Р. Акбердиндин жолугушуусу болуп өттү.

Новости
07-Август 2014-ж.
2257

Үстүбүздөгү жылдын 5 – августунда Экономика министрлигинде соода, кызмат көрсөтүү, уюштуруу, ишкердүүлүк жана инвестицияларды ишке ашыруу жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ЕЭК ишкердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин башчысы Р.Акбердин жана департаменттин мүдүрү С.Алиева жана анын өкүлдөрү менен министрдин орун басары Д. Ибраев башында турган эки жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушууда Экономика министлигинин, Транспорт министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын, Мамлекеттик экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын, Малекеттик байланыш агенттигинин жана бизнес ассоцациялардын өкүлдөрү катышышты.

Биринчи жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭКтин өкүлдөрү тарабынан ЕЭКтин иши жана компетенциясы жөнүндө перезентация жана ошондой эле Евразиянын интеграциялык долбоорлорун ишке ашыруу этаптары көрсөтүлдү, алар:

- Өз ара кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоону кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү жана анын либералдаштыруу деңгээлин жогорулатуу;

- Мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө кол кабыш кылуу максатында Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке катышкан мамлекеттерге өз ара кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоо үчүн бирдиктүү принциптерди жана эрежелерди түзүү;

- Бир жактын мамлекетинин жарандары тарабынан инвестирлөө үчүн ылайыктуу шарттарды экинчи жактын мамлекетинин территорияларына түзүү.

Мындан сырткары ылайыктуу боло турган улуттук режимди берүү, юридикалык жак катары экинчи ирет түзүүдөн бошотуу, лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди таануу, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке катышкан мамлекеттердин кызматтарын жеткирген персоналдын квалификациясын өз ара таануу.

Экинчи жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновация кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана
бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.

ЕЭКтин өкүлдөрү 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге түшүндүрмө беришти, анын ичинде Интеллектуалдык менчик объектилерди коргоо жана сактоо жөнүндө протоколдун” тиркемеси жана жогоруда айтылган келишимдин мыйзамын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин долбоорлору да түшүндүрүлдү.

Тараптар менен Кыргыз Республикасынын БЭМге кошулуу Иш-чаралар планы (жол карта”) боюнча маселелер талкууланды. Ошону менен бирге БЭМдин келишим-укуктук базасына дал келтирүү үчүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, биримдиктин алкагында товардык белгини укуктук жакатн коргоо маселелери да талкууга алынды.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу