Министр Т.Сариев КР 2014-жылдын январь-июнь айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу

Новости
24-Июль 2014-ж.
2453

Жарым жылдын жыйынтыгы менен экономикадагы абал бизди тынчсыздандырат, анткени быйылкы жылдын башындагы өнүгүүнүн жогорку темпин сактап кала албадык. Январь айындагы ИДПнын өсүү темпи 9,1% болгон болсо, жарым жылдын жыйынтыгы менен ИДП реалдуу түрдө 4,1%га өстү, башкача айтканда жарым жылдын ичинде 5,0 пайыздык пунктка басаңдады (2013-жылдын январь- июнунда 8,1 %).

Ал эми Кумтөр кенин кошпогондо, ИДП реалдуу өсүүсү январь айында 106,7%дан июнь айында 103,7 %га чейин төмөндөдү (-3%) (2013-жылдын жарым жылында 105,8 %).

ИДП түзүмүндө да өзгөрүүлөр болду. Кумтөрдүн үлүшү 6,9 %дан 5,9%га чейин азайгандыгына байланыштуу өнөр-жай секторунун үлүшү азайды. Ошол эле учурда курулуш секторунун үлүшү 1,1 %га, кызмат көрсөтүү секторлору 0,3 %га өстү да, тиешелүүлүгүнө жараша 6,7 % жана 52,8 %ды түздү.

Инфляциянын деңгээли 105,9% болду. Жалпысынан жарым жылдын ичинде 2013-жылдын декабрына салыштырганда баа тамак-ашка жана алкоголсуз ичимдиктерге 9,5 %, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,0 %га азык-түлүк эмес товарларга 2,3 %га жана кызмат көрсөтүүгө 2 %га өстү.

Ал эми негизги соода өнөктөштөрүбүз болгон Россия 1,1%га, Казахстан 4,1%га, Белоруссия 1,4%га өсүү темпин камсыз кыла алышты.

Ушул мамлекеттерде инфляциянын деңгээли Россия менен Казахстанда 4,8 %ды, Белоруссияда 10,2%ды түздү.

Өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү январь айындагы 117,5%дан июнь айында 107,2%га чейин басаңдады, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда болгону 5%га гана өстү (январда бул көрсөткүч 8,4% эле).

Өсүүнүн мындай басаңдашынын негизги себеби болуп пайдалуу кендерди казып алуунун 3,8 %га азайышы, биринчи иретте нефтинин алуунун 3,3 %га кыскарышы, металл кендеринин (алтыны бар кендердин), дээрлик 2 эсеге азайышы болду. Ошондой эле гранитти, курулушта колдонуучу башка таштарды, топуракты казып алуу дээрлик токтоп калган.

Текстилдик буюмдарды чыгаруу 5,9 % төмөндөдү, башка металл эмес продуктылар 5,7 %га, анын ичинен айнек 26,4 %, цемент 3,%га азайган.

Өнөр-жайында эң жогорку төмөндөө Баткен облусунда болду. Жарым жылдын жыйынтыгы менен ал 22,2%га түшүп кеткен, мындай жагдай негизинен Түштүк–Кыргыз цемент заводунда цемент чыгарууну 23,7%га азайгандыгынан жана Кадамжай сурьма комбинатында сырьёнун жетишсиздигинен продукция чыгаруу дээрлик токтогондугунан (95,6%га төмөн болду) келип чыкты.

Ысык-Көл облусунда өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү 111,3%га өскөндүгү менен пайдалуу кенди казып чыгаруу 59%га, металл эмес минералдык продукцияларды чыгаруу 23%га, тамак-ашты чыгаруу 2,8%га төмөндөгөн.

Жалал-Абад облусунда көмүр казып алуу 14,4%га, нефть жана газды өндүрүү 5,4%га, текстиль чыгаруу 8,2%га азайган.

Чүй облусунда айнек чыгаруу 26,4%га, текстиль чыгаруу 30,6%га, кийим тигүү 19,3%га төмөндөп кеткен.

Урматтуу отурумдун катышуучулары!

Учурда Республиканын айыл чарбасынын өнүгүүсүндө өтө терс мүнөздүү багыт орун алууда. Айыл чарбасынын өнүгүүсү бүтүндөй жаратылыштын шарттарына гана көз каранды болуп жатат.

Мамлекет тарабынан айыл чарбасына зор колдоо көрсөтүлүп жатат, үч жылдын ичинде дыйкандар менен фермерлерге 8,5 млрд. сомдон ашык, анын ичинен 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 4,3 млрд. сом жеңилдетилген насыялар берилди, мындан тышкары лизинге техника, борборлоштурган жер семирткич сатып алуу маселелери чечилип келе жатат, бирок айыл чарбасы майда товардуу, натуралдык чарба боюнча калууда.

Үрөн өстүрүүчү жана асыл-тукум чарбаларын түзүү боюнча долбоор да жакшы жыйынтык бере элек.

Маселен: Жарым жылдын ичинде бир уйдан саалган сүттүн көлөмү 11 литрге азайды. Саан Ысык-Көл облусунда 23 литрге, Нарын облусунда 79 литрге жана Ош облусунда 13 литрге азайган.

Бир уйдан саалган сүттүн көлөмү Кыргызстанда 2011 кг, Казахстанда 2216 кг, Россияда 3395 кг, Белоруссияда 3639 кг. Голландияда 7011, АКШда 9353 кг Израилде 11690 кг түзөт.

Ошол эле мезгилде Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн бар болгону 20%дан ашыгыраагы кайра иштетилсе, Казахстанда бул көрсөткүч 34,7%, Россияда 52%, Кытайда 71%, Европа мамлекеттеринде 91%, Жаңы Зелландияда 100% түзөт.

Кургакчылык жүрүп жаткан мезгилде дыйкандар экономикалык жактан эффективдүү, бирок сууну көбүрөөк талап кылуучу техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүп жатышат. Ошол эле мезгилде биз сугат суусун эффективдүү пайдалана албай жатабыз, суунун арыктарда жоголушу 50 пайызга чейин жетип жатат.

Ошондуктан Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин жана өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилеринин эң негизги милдеттеринин бири арыктарды, каналдарды тазалоону уюштуруу, сууну үнөмдүү пайдалануунун ыкмаларын колдонуу боюнча жумуштарды колго алуу болуп саналат.

ИДПнын түзүмүнүн 50%ынан ашыгын ээлеген кызмат көрсөтүү тармагынын өсүүсү өтө тынчсыздандырууда, анткени жылдын башындагы 104,3 %дан июнда 102,1 %га чейин азайып, туруктуу төмөндөп келе жатат. (2013-жылда бул көрсөткүч 5,4 %ды түзгөн).

Бажы биримдигине кирген мамлекеттер тарабынан бажы көзөмөлүнүн татаалдашынан жана валютанын курсунун төмөндөшүнөн керектөө товарларына суроо-талап азаюуда. Андан улам сооданын өсүү темпинин 2013-жылдагы 108,5%ынан 2014-жылы 104,3%га чейин басаңдады (кызмат көрсөтүүнүн түзүмүндө 30,1%ды түзөт).

Транспорт кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпинин 2013-жылдагы 107,6%дан 2014-жылы 99,9%га чейин төмөндөшү (кызмат көрсөтүүнүн түзүмүндө 10,2%ды түзөт) жүк ташуунун кыскарышы менен, анын ичинде 30%га чейин көлөмү аба менен жүк ташуунун кыскарышы Манастагы транспорттук жүк ташуу борборунун жабылышынан жана түштүк регионго газ берүүнү токтошунан болду.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Баткен менен Ош облустары көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылынган жок.

Ошондой эле быйыл мигранттардан келүүчү акча которуулар кескин түрдө басаңдады (январь-майдын жыйынтыгы боюнча 2,3 %га жогорулап, 810,7 млн АКШ долл. болду).

Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү белгиленүүдө. 2014-жылдын январь-июнунун жыйынтыктары боюнча финансылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 33,5 млрд. сомду түзүп, 20,6 %га көбөйдү. Бул жакшы көрүнүш, бирок жетишсиз.

Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 31,0 млрд. сомду түзүп, ал 18,5 %га көбөйдү (2013-жылдын январь-июнунунда 18,2 %га көбөйгөн).

Ошону менен бирге эле жыл башынан бери курулушта өсүү темпинин ылдыйлаганы байкалууда, январдагы 150,5 %дан, июнь айына карата 118,5 %га чейин басаңдады.

Мындан тышкары түз чет элдик инвестицияларын келиши төмөндөөдө (1 кварталда 8,4% га төмөндөдү) жана терс сальдо (– 62,1 млн. АКШ долларын) түзүлдү, же болбосо капиталдын келгени чыкканынан аз болду.

Негизинен ички саясий абал, жолдорду тосуу, жергиликтүү калктын жана кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын инвесторлорго болгон мамилеси өлкөдөгү инвестициялык абалды начарлатып, чет өлкөлүк инвестициянын келишин азайтууда. Жыйынтыгында түз чет элдик инвестицияларын келиши 1 кварталда 8,4% га төмөндөдү жана терс сальдо (– 62,1 млн. АКШ долларын) түзүлдү.

Ал эми биздин экономиканын өнүгүшүнө тоо кен тармагына гана эмес, өнөр-жайды, айыл чарбаны өнүктүрүүгө чет өлкөлүк инвестиция керек.

Тышкы соода жүгүртүү 2014-жылдын январь-май айларында 2,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2013-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 6%га азайды.

Экспорттук ташуулар 9,2 % жогорулады (590,3 млн АКШ доллары)

Импорттук ташуулар 9,8%га төмөндөдү ( 2,0 млрд. АКШ доллары)

Соода балансы терс сальдону түздү жана 1,4 млрд. доллар болду, бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 %га төмөн.

Жарым жылдын ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 48,9 млрд сом чогултулуп, план 100,9 %га аткарылган, 2013-жылдын жарым жылдыгына салыштырганда 4,6 %га же 2,2 млрд. сомго көп чогулган.

Ошол эле учурда салык төлөмдөрүнүн түшүшү 1870,2 млн сомго, же 5,7%га өскөнү менен план 92,9 %га аткарылган.

Анын ичинен Бажы кызматы планды 93,0%га, Салык кызматы 92,8% аткарган.

Мына өзүңүздөр байкагандай экономикадагы абал бизди өтө тынчсыздандырат. Ошондуктан ушул маселени жакында эле Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык Кеңештин жыйынында карап чыктык.

Мындан тышкары Экономика министрлиги тарабынан эки жолу тиешелүү министрликтер, Улуттук Банктын, Улуттук Статистика комитетинин катышуусу менен консультацияларды өткөрдүк. Анткени экономикада түзүлгөн кырдаал, 2015-жылга республикалык бюджетти түзүүгө абдан чоң таасирин тийгизет.

Ошондуктан бүгүнкү кабыл алынуучу чечимдер экономиканын өнүгүшүн быйылкы жылда мындан ары төмөндөтпөй, 2015–жылдын өнүгүүсүнө негиз түзөт деп ишенем.

Алдын ала эсептөөлөргө карата 2014-жылда ИДП өсүүсү 104,5% түзөт деп болжолдонууда.

Май айында Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык Кеңештин жыйынында 2014-жылга ИДП 106,3% болот деп болжолдонгон эле. Ушул болжол НСУРдун негизинде орто мөөнөттүү бюджеттин болжолуна негиз болгон.

Бирок акыркы мезгилде экономиканын өнүгүүсүндө чоң көйгөйлөр пайда болду.

Маселен, айыл чарбасында быйылкы жаратылыштын оор болгондугуна байланыштуу Айыл чарба министрлиги мурда белгиленген 102%дын ордуна болгону өсүү темпи 100,8 % гана болот деп болжолдошууда.

Ал эми өнөр жай тармагында биринчи иретте суунун тартыштыгы экономиканын өнүгүүсүнө эң чоң терс таасир бере турган фактор болуп калды. Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга салыштырмалуу 3,0 млрд. кубга аз. Бул энергиянын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн.

Жылдын аягына чейин Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган максаттарды аткарыш үчүн эки алтын кенин (Бозымчак жана Алтынкен) ишке киргизип болжолдонгон 1,2 тонна алтын казып алууну камсыз кылуу керек.

Анан дагы Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводго чийки нефтини алып келүү маселесин чечип, жылдын аягына чейин 300,0 миң тонна чийки нефтини иштеткенге аракет кылуу зарыл, бирок заводдун жетекчилиги болгону жылдын аягына чейин 100,0 миң тонна болот деп белгилөөдө.

Жогорку факторлордун негизинде ИДП өсүү темпи 104,5 %ды түзөт деп болжолдонууда. Бул болжол Бүткүл Дүйнөлүк Валюта Фондусунун жана Бүткүл Дүйнөлүк Банктын болжолуна жакын келет (алардын болжолу 4,1-4,4%).

Ал эми коңшу мамлекеттерде да быйыл өсүү темпин эки-үч жолудан кайра карап чыгышты. Акыркы маалыматтар боюнча Россия 0,5%га , Белоруссия 1,5%, ал эми Казахстан 6,3% га өсөт деп болжолдошууда.

Биздин талдоо көрсөткөндөй экономикада чоң резервдер бар. Биз аларды колдонуу үчүн толук кандуу аракеттерди жасай албай жатабыз.

Өзгөчө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары экономикага кайдыгер мамиле кылышууда.

Ал эми чет өлкөлүк инвесторлор менен болгон мамилелер, токтоп турган ишканалардын абалы, айыл чарбасындагы көрүнүштөр экономиканын өсүүсүн камсыз кылуу үчүн шашылыш чараларды кабыл алуу керектигин далилдейт.

Ал чаралар ушул жыйындын чечиминин долбоорунда көрсөтүлгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу