КР 2022-жылдын январь-май айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жалпысынан жыл башынан бери оң динамикасын көрсөтүүдө

Новости
10-Июнь 2022-ж.
1772

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча 2022-жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 270,2 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүү темпи 105,7%ды (2021-жылдын январь-майында 98,3%) түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардын өсүү темпи 103,7%ды түздү (2021-жылдын январь-майында – 102,8%).


Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,2%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,0%га, өнөр жайда – 11,4%га, курулушта – 3,1%га өскөн.


ИДПнын өсүшүнө негизги оң салым өнөр жай (2,48 пайыздык пункт) жана кызмат көрсөтүүлөр (1,97 пайыздык пункт) тарабынан берилген.


Өсүштүн негизги кыймылдаткычы өнөр жай сектору болду, мында өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги төмөн базанын фонунда (-8,7%) металлургиялык ишканалардын туруктуу иштешинин эсебинен 11,4%га өсүү темпи жогору болгон, негизги металлдарды казып алуу боюнча ишке киргизилген кендердин көлөмүнүн өсүшү (мында өсүш 29,7%га), тамак-аш кайра иштетүү өндүрүшүнүн (10,5%ке) жана мунай продуктыларынын (16,8%ке) өндүрүшүнүн көлөмүнүн калыбына келди.


Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жогорку көрсөткүчтөр (өсүү 4%) дүң жана чекене сооданын көлөмүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун 6,9%га, транспорттук ишмердүүлүктүн жана товарларды сактоонун 13,1%га, мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнүн өсүшү менен шартталган жана ресторандар - 12,1% жана байланыш кызматтары - 2,8%.


2022-жылдын январь-апрель айларында КР тышкы соода жүгүртүүсү 3,0 млрд долларды түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43,3%га өстү. Мында 2022-жылдын январь-апрель айларында КР импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 1,6 эсеге көбөйүп, 2,5 млрд долларды түздү, ал эми экспорттук жеткирүүлөр 14,3%га кыскарып, 506,8 млн долларды түздү.


Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 107,5%ды түздү (өткөн жылдын декабрь айына карата). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2022-жылдын январь-майында 2021-жылдын январь-майына карата) 112,8%ды түздү.


Экономиканы калыбына келтирүү, калкты жана ишкердикти колдоо үчүн тышкы факторлордун таасири күчөгөн шартта КР макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын негизги багыттарын аныктаган Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планы кабыл алынган.


Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтоштурулган:

- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар;

- социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;

- финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар;

- ишкердик субъекттерин колдоо боюнча чаралар;

- инвестицияларды тартуу боюнча чаралар;

- сооданы көбөйтүү боюнча чаралар;

- мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу