КР Экономика министри Т. Сариев Катар тарап менен кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Өкмөт аралык келишимге кол койду.

Новости
01-Июнь 2014-ж.
2424
""
Үстүбүздөгү жылдын 1- июнунда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн баш тартууну алдын алуу жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Азыркы учурда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен кирешелердин жана капиталдын кандайдыр-бир түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты болуп ар кайсы өлкөлөрдө ошол эле салык менен чарбакер субьекттердин кирешелерине жана капиталга кош салык салууну четтетүү болуп саналат.

Кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндөгү макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралат.

Мындан тышкары келишимдин негизги милдети болуп бир мамлекеттин резидентин башка макулдашып жаткан мамлекеттин дискриминациялык салыгынан коргоо, келишимдин жоболору менен кыянаттык кылбоо же салык төлөмдөрүнөн баш тартууга жол бербөө, макулдашып жаткан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат менен өз ара алмашуу саналат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу