Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана жетекчилердин орун басарлары үчүн “Мамлекеттик органдын коррупцияга каршы модели” аттуу семинар болуп жатат.

Новости
28-Май 2014-ж.
2327
""Үстүбүздөгү жылдын 29-майында «Park Hotel» мейманканасынын конференц-залында саат 10-16:00 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Банктын СВЕМ долбоорунун колдоосу менен Мамлекеттик органдын коррупцияга каршы модели” аттуу темада семинар өткөрүлүп жатат.

Семинардын катышуучулары болуп өздөрүнүн ведомстволорунда коррупцияга каршы саясатын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары жана статс-катчылары саналат.

Семинардын максаты болуп мамлекеттик органда коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу процессин талкуулоо саналат.
Семинардын жүрүшүндө төмөндөгүдөй маселелер каралды, алар: коррупцияга каршы аракет кылуунун укуктук жана институционалдык базасы; коррупцияга каршы саясатынын стратегиялык бенч-маркинги; мамлекеттик органдарда коррупциялык коркунучтарды баалоо методикасы; мамлекеттик органдарда таламдардын кагылышын жөнгө салуу; мамлекеттик кызматта этикалык стандарттар; коррупцияга каршы чаралардын эффективдүүлүгүн мониторингдөө жана баалоо.

Мындан сырткары РРЕБдин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жана Дүйнөлүк Банктын 2013-жылга иш каналардын ишинин жыйынтыгынын жана ишкердик климатынын кыскача обзору” (BEEPS) көрсөтүлдү жана Мамлекет инвестициялык рынок катары: Кыргызстандагы коррупцияга маани берүү” китебинин автору, белгилүү швед саясат таануучусу-изилдөөчүсү Йохан Энгваллдын чыгып сүйлөөсү пландаштырылып жатат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу